Музыкалуу драма

  • 1) Операнын алгачкы (16— 17-кылымда) аттарынын бири.
  • 2) Негизги бөлүгүн музыка ээлеген драма. Бул жанр эзелтен кытай, инди, европ. театрларда түрдүүчө оңолуп келген. Орто Азия республикаларында жанa Казакстанда кеңири таралган (мис., В. Власов, В. Фере, «Ал­тын кыз»).
  • 3) Драма мүнөзүндөгү опера. М. П. Мусоргский «Хованщинаны» элдик Музыкалуу драма деп атаган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.