Муз агымы - дарыяларда (негизинен мелүүн алкакта жана жогорку кеңдиктерде) шамалдын, агымдын, суунун температурасынын таасиринен муздун кыймылга келип агышы.

Көбүнчө жазында жана күзүндө (Батыш Европада кышында) болот. Жазгысын муз катмары жарылып кыймылга келет, күзүндө калкыган муз, шыргалаң, топтошкон кар жана жээктен бөлүнгөн муз агат. Тоо дарыяларындагы муз агымы үйөр деп да аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2