Мунук-төр волластонит кени

Мунук-төр волластонит кени Чаткал районунда. Жаы-Базар кыштагынан 20 км түндүк-чыгыш тарапта, деңиз деңгээлинен 2600-2900 м бийиктикте жайгашкан.

Волластониттүү скарндар карбон мезгилинин аягында пайда болгон акиташ тектери менен гранит-диорит интрузиясынын чегинде (контактысында) пайда болгон; алардын узундугу 500 м, пайдалуу катмардын калыдыгы 500 м. Жалпы массадагы волластониттин өлчөмү 30-0%. Волластонитте кремнезем 48%, кальций оксиди 51%, темир ж.б. түзөт.Божомолдуу запасы 50 млн т.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6