Мурас — Аталган тасма Асанбек Кулманбетовдун "Киши жегич кемпир" ("Старуха людоед") чыгармасынын негизинде тартылган. Тасманын аталышы: "Мурас" Бет ачары: 16-апрель Жанры: триллер Режиссёру: Азамат Шаршенов (Арыков) Продюсери: Данияр Өмүралиев Ролдордо: Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев, актёр Аскат Сулайманов, Азамат Шаршенов, өзбек актрисасы Шахзода Матчанова, Тынара Абдразаева, Данияр Өмүрбеков, ырчы Айпери Кубик кызы жана башкалар.

Мурас
Жанры

Триллер

Режиссёру

Азамат Шаршенов

Продюсери

Данияр Өмүралиев

Сценарийдин
автору

Асанбек Кулманбетов

Башкы ролдордо

Шахзода Матчанова
Азамат Шаршенов
Азиз Мурадиллаев
Аскат Сулайманов
Тынара Абдразаева,
Данияр Өмүрбеков
Айпери Кубик кызы

Өлкө

 Кыргызстан

Тили

Кыргызча

Жылы

2019

Мазмуну түзөтүү

Тасманын негизги өзөгү согуш мезгилинде ата-энесинен ажырап, психикалык жактан жабыр тарткан кемпирдин бүгүнкү күндөгү тагдырын баяндайт. Согуш аяктагандан кийин, башкы каарман бой жетип, кылмыш ишине аралашып, соттолот. Бирок Советтер Союзу таркаган мезгилде абактан чыгып, Кыргыз өлкөсүнө келип өз жашоосун баштайт. Ооба, адаттагыдан тыш жашап, адамдын эти менен азыктанып, алтургай башкаларга да ооз тийгизгенге үлгүрөт. Үрөй учурган бул кылмышын каражат алып келүүчү ишке айлантат. Ижарага батир берип, убактылуу жашоочуларды узакка жашатпай эле алар менен коштошот. Бирок "мен көз жумсам мага топурак таштай турган адамым болсун" деп батирде жашаган жигитке ыймандай сырын ачат.