Мураталиев, Бейшенбай Тоголокович
Бейшенбай Тоголокович (Тоголок уулу) Мураталиев (1929 –1973) - Кыргызстандын совет мезгилиндеги коомдук жана мамлекеттик ишмери, экономика илимдеринин кандидаты.
Кыскача өмүр таржымакалы
түзөтүүБ.Т.Мураталиев 1929-жылы 10-февралда Кыргызстандын Чүй облусундагы ал кезде Кызыл-Аскер (Кант районуна, кийинчерээк - Аламүдүн) районуна караштуу Кашка-Суу айылында туулган.
Атасы Тоголок Муратаалы уулу кедей дыйкан болгону айтылат.
Ленинград каржы-экономика институтун ийгиликтүү аяктаган.
Экономика илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон.
Кыргыз улуттук университетинде (ал кезде Кыргыз мамлекеттик университетинде) окутуучу, доцент болуп иштеген.
1956-жылдан Кыргыз улуттук илимдер академиясында Экономика институтундагы Өндүргүч күчтөрдү жайгаштыруу секторунун (бөлүмчөсүнүн) башчысы болуп иштеген.
1961-жылдан тартып КПССтин партиялык ишине өтөт.
1963-жылы декабрда Кыргызстан КП БК катчысы болуп шайланат.
Дал ушул кызматты аркалап жатканда АКШда Азамат Алтай менен жолуккан.
Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин 6-7-8-чакырыктагы курамына депутат болуп шайланган.
1973-жылы Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагасы да болгон.
1973-жылы 7-апрелде жол кырсыгынан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Сыйлыктары
түзөтүүЭки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
Ал тууралуу адабият
түзөтүүИнтернеттеги шилтемелер
түзөтүү- http://whp057.narod.ru/kissr.htm(жеткиликсиз шилтеме)