Мураталиев Бегакмат Данапияевич
Мураталиев Бегакмат Данапияевич (1925, Суусамыр өрөөнү -1984, Кожомкул айылы) - эмгектин жана согуштун ардагери.
- Эмгек жолун 15 жашынан баштап, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Таш-Көмүр шахтасында жумушчу болуп иштеп, оорукта кызмат өтөгөн.
- 1945-ж. Сталин районунун (азыркы Москва) «Россия» колхозунда чабан, 1960-ж.
- ферма башчысы, 1967-ж. Москва, Аламүдүн райондук керек-жарак коомдорунда даярдоочу болуп иштеген.
- Ал ар жүз тубар койдон 190дон төл алган.
- Бул эмгеги үчүн 1954-ж. Ленин орденине татыктуу болгон.
- «Кооперациянын отличниги» наамынын ээси.
- Ошондой эле бир нече жолу Ардак грамоталар менен сыйланган.
- 1995-ж. Кыргыз ССРинин Жогорку Советине Суусамырдан эң алгачкы депутат болуп шайланган.
- Чал уруусунан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүСуусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9