МургабОоганстан менен Түркмөнстандын аймактары аркылуу аккан дарыя. Узундугу 978 км, алабынын аянты 46,9 миң км2. Паропамиз тоолорунан башталат. Банди-Түркстан жана Саведкох кырка тоолорунун аралыгындагы кууш өрөөн менен агып, Түркмөнстандын аймагында өрөөнү кеңейип, ирригация тармактарына бөлүнөт. Кара-Кум чөлүнө чыкканда кургак дельтаны пайда кылат. Төмөнкү агымында 6 суу сактагыч бар. Мары шаары тушта Кара-Кум каналы кошулат. Март – май айларында суусу кирип, кышында ташкындайт. Суусунун орт. ылайлуулугу 4500 г/м3. Куймалары: Абикайсор (оң), Кашан, Кушка (сол). Орточо чыгымы ортонку агымында 52 м3/сек. Март – май айларында суусу кирип, кышында ташкындайт. Сугатка кеңири пайдаланылат. Боюнда Иолотань, Мары, Байрам-Али шаары жайгашкан.

Мургаб (1962).

Колдонулган адабияттар түзөтүү