Мурзакматов Акун (1914, азыркы Нарын облусу, Жумгал району, Кайырма кыштагы – 1996, ошол эле жер) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1958). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1936-жылдан Жумгал районундагы Ленин атындагы колхоздун талаачылык бригадасынын бригадири, 1946–74-жылы баш чабан. 1956-жылы өзүнүн оторундагы ар жүз тубар койдон 117ден козу, ар койдон 4 кгдан жүн кыркып алган. Ленин, Кызыл Жылдыз, Эмгек Кызыл Туу, 3-даражадагы Даңк ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү