Ахунбаев Мустафа Исаевич (12. 3. 1935-жылы туулган, Ташкен шаары) - ырчы, режиссёр. КРнын эл артисти (1992), КРнын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1975). А. Малдыбаев атындагы сыйлыктын лауреаты (1988). 1961-жылы Москвадагы П. Чайковский атындагы мамлекеттик консерваториянын ырдоо классын бүтүргөн. 1961-69-жылдары Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында ырчы. 1969-жылы Ленинграддагы Н. Римский-Корсаков атындагы мамлекеттик консерваториянын опера режиссёру классын бүтүргөн. Окуп жүргөндө эле Киров атындагы опера жана балет театрында режиссёр-ассистент катары «Садко» операсын коюуга, «Ленфильмде» экинчи режиссёр жана актёр катары А. Бородиндин «Князь Игорь» көркөм фильмин тартууга катышкан. 1969-70-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюучу-режиссёр, 1970-71-жылы «Кыргызтелефильмде», 1971-75-жылы СССРдин ГАБТта жана Кремлдеги съезддер дворецинде режиссёр болуп эмгектенген. ГАБТтын башкы режиссёру, Б. А. Покровский менен экинчи режиссёр катары «Руслан менен Людмила» операсын койгон. 1975-2002-жылга чейин Кыргыз улуттук опера жана балет театрында башкы режиссёр болуп иштеген. 25 опера, «Ала-Тоо жазы» фестивалынын концерттерин койгон. 1984-93-жылдары театрда иштөө менен бирге Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда, 1993-жылдан Кыргыз улуттук консерваторияда профессор (1988). Театр коллективи менен чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. «Өлбөстүк», «Саманчы жолу», «Тынч Дон», «Петр I» аттуу спектаклдерди мыкты койгондугу үчүн Бүткүл союздук конкурста биринчи даражадагы диплом, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1