Мухамматжан Рашидин
Мухамматжан Рашидин — уйгур акыны[1] жана жазуучусу.
Мухамматжан Рашидин | |
уйгурча: مۇھەممەتجان راشىدىن | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: | |
Өлгөн датасы: |
13 -ноябрь 2021 (81 жаш) |
Өлгөн жери: |
Мухамматжан 1940-жылдын 15-июнунда[2] Күлжа оодандагы Оняр айылында дыйкан үй-бүлөдө туулган.
Башталгыч жана орто мектептерди Кулжада окуп бүтүп, 1955-жылдан 1958-жылдын март айына чейин Шинжаң айыл-чарба техникумунда окуган. Окууну аяктагандан кийин 1959-жылдын май айына чейин Пичан ооданыда кайра тарбиядан өткөн.
1960-жылдан 1968-жылга чейин Чапчал жана Кулжа райондорунда административдик кызматкер, техник, катчы жана мугалим болуп иштеген. 1968-жылы «Маданий төңкөрүш» учурунда адилетсиз айыпталып, куугунтукка алынган. 1983-жылы акталып, Кулжа районундагы 1-орто мектепке мугалим болуп жумушка орношкон. 1989-жылга чейин ошол мектепте тил жана адабият мугалими жана илимий бөлүмдүн жетекчиси болуп иштеген, кийинчерээк кесипкөй жазуучулукка чакырылган.
Мухамматжандын адабий чыгармачылыгы 1958-жылы «Или гезити» гезитинде жарыяланган «Или дарыясы» аттуу ыры менен башталган. Андан бери ал расмий түрдө чыгармачылыкка киришип, 1000ден ашуун ыр, аңгеме, дастан жана очерк жазган. 1980-жылдардан кийин чыгармачылыкта олуттуу жетишкендиктерге жетишкен. Мухамматжандын ырларынан «Каккук гүлу», «Жылдар изи», «Күндөр албому», «Эне жер касиети», «Өмүр шыктары», «Тиричилик деген ушул», «Эне тоолор» деген аталыштагы жыйнактар чыгарылып, басылып чыккан.
Элдин сүйүктүү акыны Мухамматжан 2021-жылдын 13-ноябрында эртең менен саат 7:17де Үрүмчү убактысы боюнча түбөлүккө биз менен коштошкон[3].
Булактар
түзөтүү- ↑ "مۇھەممەتجان راشىدىن". ئىزدىنىش ژۇرنىلى (2). 2020.
- ↑ مۇھەممەتجان راشىدىن. ئۇيغۇر تورى ئارخىپلىرى (2010.08.26).
- ↑ گۈلچېھرە. تۆھپىكار شائىر مۇھەممەتجان راشىدىن ئۇيغۇر خەلقىگە نېمىلەرنى قالدۇرۇپ كەتتى؟, ئەركىن ئاسىيا رادىيوسى (2021.11.15).