Мухаммед Шейбани (Мухаммед хан Шейбани,Абу ал-Фатх Мухаммад, Шахи Бек Өзбек, Шайбак, Шахбахт ) (1451–1510) – Абулхайр хандын небереси, Шахбудаг султандын уулу, шейбанилер (Шейбани – Мухаммед хандын адабий псевдоними) династиясын негиздөөчүсү, Мавераннахрдын бийлөөчүсү (1503–10). Атасы 1468-жылы Юнус хандын буйругу менен дарга асылган. Жакын туугандары Атабек Уйгур Хан, эмир Карачин Бек аны Астрахандагы Касым ханга качырган. Кийин Султан Ахмед (Султан Абу Саид мырзанын уулу) мырзанын нөөкөрү (т. а. анын нөөкөрү Мир Абдалали тархандын нөөкөрү) болуп кызмат кылып жүрүп, Ташкенттин жанында салгылашууда аны сатып, Моголстандын ханы Махмуд (Юнус хандын уулу) тарапка өткөн. Мындай кызматы үчүн Махмуд хан ага Түркстан шаарын берген. Күчтөнө баштаганда тимуриддердин тагына ээ болуу ниети менен Бабурдун карындашына үйлөнгөн. 1500-ж. Самарканд шаарын курчоого алып, Бабурдун аскерин эки жолу талкалаган. Бабур адегенде Бадахшан, андан ары Кабулга качкан. Самарканд менен Бухараны караткандан кийин (1503), Махмуд хан менен араздашып, аны туткунга түшүрүп, Ферганадан баш тартууга аргасыз кылып коё берген. 1505-ж. Хорезмге каршы аттанып, 10 айлык курчоодон кийин Үргөнч ш. караткан, бирок Хорезмди ала албай артка тарткан. 1507-ж. Гератка жүрүш жасап, Хорасандын бийлөөчүсү, О. Азиядагы Тимурдун акыркы тукуму Хусейн Байкара уюштурган тимуриддердин бириккен колун талкалаган. Борбор Азияда ага тең келээр күч калбай калганына көзү жеткен М. х. Ш. өзүн бардык сүннөттөрдүн башчысы деп жарыялаган. Мындан кийин Иранды (Персия) басып алуу үчүн шылтоо кылып, Исмаил шахты (Исмаил I Сефевид) шиизмден баш тартып, сүннөткө өтүүгө чакырган. 1510-жылы Мургаб дарыясынын жээгинде Исмаил шахтын аскери менен болгон салгылашууда М. х. Ш-нин колу талкаланып, өзү оор жаракат алгандан кийин бир дыйкандын үйүндө көз жумган. Исмаил шах анын саман толтурулган баш терисин түрк султаны Баязет IIге тартуулап, баш сөөгүнөн шарап иче турган идиш жасаткан.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Семенов А. A. Шейбани-хан и завоевание им империи Тимуридов. //Материалы по истории таджиков и узбеков Средней Азии. Душанбе, 1954; Бартольд В. В. Шейбаниды, Соч., т. 2, ч. 2, М., 1964.