Мырзакматов Айбек Сапарбекович
Мырзакматов Айбек Сапарбекович (12. 7. 1958-ж. туулган, Нарын шаары) - коомдук ишмер, жетекчи кызматкер, агартуучу.
- Кыргыз Мамлекеттик университетинин география факультетин бүтүргөн (1990; сырттан окуган).
- Эмгек жолун Фрунзе шаарындагы антибиотиктер заводунда аппаратчик болуп баштайт.
- 1979-81-жьшдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөйт.
- 1981-82-жылдары кайрадан ошол эле заводдо иштейт.
- 1983-жылдан 2003-жылга чейин Кожомкул кыштагындагы С.
- Мырзакматов атындагы орто мектепте география мугалими болуп эмгектенген.
- 2003-жылдан «Айыл Банк» Ачык акционердик коомунун Суусамыр өрөөнүндөгү өкүлү (кредит боюнча адис), Суусамыр айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары.
- Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган (2000).
- 2004-жылдан Суусамыр айылдык жана Жайыл райондук кеңештеринин депутаты болуп шайланган 2009-жылдын июнунан Суусамыр айыл округунун башчысы болуп иштеп келет.
- Чал уруусунан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүСуусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9