Мырза уулу Иманкул (1888, Кочкор району, Эпкин айылы — 1972, ошол эле жер) — Нарын өрөөнүнен чыккан алгачкы кыл кыякчы.
Үркүнге атышкан, Чолпондо дыйкан, Кызартта жолчу болуп иштеген. Атасы, чоң атасы Какыбай кыл кыякчы болушкан. Он төрт жашында сурнайчы Тураптын "Керзен", атасынын "Сейилмен" деген күүлөрүн үйрөнгөн. М. Күрөңкеевдин сынынан өтүл, таалим алган.
Кыргыз радиосунун музыкалык редакциясынын алтын фондусуна өзүнүн, атасынын 20дай күүлөрүн жаздырган. Алардын ичинде элдик "Бекташ”, “Тору-Кашка ат", "Коңур ала", "Тору айгыр", "Ак-Куунун учушу", "Бактылуу жаштар", "Улуу күн" жана башка күүлөрү бар.

Мырза уулу Иманкул

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Кыякчы ИМАНКУЛ