Мыскал Өмүрканова (1915, Жумгал өрөөнү, Баш-Кууганды айылы — 25.12.1976, Бишкек) — Кыргыз совет эл ырчысы, фольклордук жана автордук ырларды аткаруучу, Кыргыз ССРинин эл артисти (1954). Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, Ленин орденинин, Эмгек Кызыл Туу орденинин эки жолку ээси.

Мыскал Өмүрканова
Мыскал Өмүрканова

Балалыгы

түзөтүү

Мыскал Өмүрканова 1915-жылы жай айында Нарын облусунун Жумгал районундагы Баш-Кууганды айылында туулган. Атасы Дүйшө Карымшаков орто чарбалуу адам болгон. Ал күнүмдүк жашоонун айынан байдын малын багып, энеси болсо суусун алып, отун жагып, кулун чыгарып, бечаралыктын күнүн өткөрүптүр. Мыскал алгачкы кадамын таштай баштаганда, ата-энеси үрккөндөр менен Кытайга барып, ал экиге чыкканда эл-журтуна кайтып келишет. Мыскалдын атасы Дүйшө комузда ойногонду жакшы көрчү. Мыскал ырдаганды жакшы көрчү. Кичинекей Мыскал "Ак-Толкун" деген элдик ырын келтире ырдаган. Ал эс тарткандан апасынан, чоң энесинен уккан ырларын, кошокторун, уламаларын, жомокторун үйрөнгөн Мыскал 13 жашка чыкканда анын апасы көз жумган. Үй тиричилик, кичинекей балдарды кароо Мыскалга өтүп, мектепке барбай коёт.

Эмгек жолу

түзөтүү

Мыскал 16 жашында 1931-жылы Жумгалдын Эпкин айылында жашаган Өмүркандын уулу Сагынаалына турмушка чыккан. Айылдагы мектептин алдында ыр, хор (шыгыр) ийрими уюшулганда, Сагынаалы ага жазылып, Мыскалды кошо жазып коёт. Калк алдында Мыскал "Теңтушту теңтуш сагынса", "Күңөтай", "Сыйлай жур", "Кандай жансын курчун жок", "Ак кептер" аттуу элдик ырларды ырдап чыгат. Күйөөсү Сагыналы комуз чертет. Мыскал анын коштоосунда ырдап жүрүп, кийин өзү да комузду үйрөнүп алат.

1936-жылы "Эпкин" колхозуна Фрунзеде республика боюнча биринчи жолу элдик чыгармачылыгынын конкурсу болот деген жаңылык келет. Колхоздун төрагасы Бейшеке Исаев конкурска Мыскал менен Сагынаалыны Фрунзеге жөнөтөт. Конкурста Мыскал "Ак Толкун" элдик ырын ырдап, 1-сыйлыкты эл ырларын мыкты аткарганы үчүн утуп алат. Музыкалык-драма театрынын дирекциясы Мыскалга алардын коллективинде артист болуп иштөөнү сунуштайт. Бирок Мыскал айылына кетип, 1937-жылга чейин колхоздо иштейт. 1937-жылы Чаек колхоз-совхоз театры түзүлүп, ага кабыл алынат. 1940-жылы райондук Чаек театрынын ордуна Нарын шаарынын облустук театры түзүлүп, ага Мыскал башкы артист катары чакырылат. Театрда иши ийгиликтүү өтөт. Анын репертуары кеңейип, эми элдик ырлардан эле эмес, Малдыбаев, Атай Огонбаев, Шералиев сыяктуу көрүнүктүү композитор-ырчылардын чыгармаларын да аткара баштайт. 1941-жылдан баштап Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик филармониясына кирет. 1943-жылы орус жана кыргыз артситтеринин бригадасы менен Казакстанда куралып жаткан армия бөлүктөрүнө концерт менен барган. Казакстандан кайтканда Жогорку Советтин Президиумунун Указы менен улуттук искусствону өнүктүрүү жаатында көрүнүктүү ийгилик жараткандыгы үчүн республиканын эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган. 1944-жылы Польша фронтундагы госпиталдарда концерт берген. Фронттон кайтып келүүсү менен Өмүрканова Эмгек Кызыл Туу ордени менен искусстводогу ийигиликтери үчүн Кыргызстандын 20 жылдыгына карата сыйланат. Улуу Ата-Мекендик согуш бүткөндөн кийин, Өмүрканова Кыргызстандын алыс аймактарына, Орто Азиянын республикаларында, Балтика өлкөлөрүндө, Украинада, Кытай Элдик Республикасында, Тува автономиялуу облусунда, тоолуу Алтайда концерттерди берүүнү уланткан. Өмүрканова күзүндө 1956-жылы Кытай Элдик Республикасында (Синь-зянь) Кулжа, Үрүмчү, Кашгар жана башка шаарларында кыргыз артисттер бригадасы менен концерт бергени өзгөчө эсинде калган. Советтик Кыргызстандан келген артисттерди кытай, уйгур, кыргыз, Синь-зяндын жашоочулары алакан жайып тосушкан. Маданият үйлөрүндө, театрларда "Ой бул-бул", "Ак бермет" деген кыргыз ырларын ырдаган. 1956-жылдын кышында Балтиканын - Ригада, Тарту, Вильнюс, Лиепае жана башка шаарларында кыргыз улуттук хору менен гастролдоп ырдаган. 1951-жылы Мыскал Эмгек Кызыл Туу ордени менен экинчи жолу, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 2 Ардак грамотасы менен сыйланган. 1954-жылы - ал республиканын эл артисти, Бүткүл союздук эстрада артисттеринин конкурсунун лауреаты. 1955-жылы Өмүрканова эмгекчилер депутаттарынын областтык Советине жана Кыргыз ССР Жогорку Советине эл тарабынан шайланган. 1958-жылы Кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн 2-декадасынан кийин 1-ноябрда Ленин ордени менен сыйланган. 1965-жылы ага республикалык маанидеги персоналдык пенсия белгиленген. 1976-жылы 25-декабрда Мыскал Өмүрканова көз жумган.

Үй бүлөсү

түзөтүү

Биринчи жолдошу - Сагынаалы Өмүркан уулу. Уулу - Бектурсун. 1944-жылы Сагынаалы согушта каза болгон. Мыскал бир баласы менен жалгыз калган. Андан кийин Асанкан Жайнаковго турмушка чыгып 2 уул, 1 кыздуу болгон. Кичүу уулу Нурбек 14 жашында каза болгон. Андан кийин Мыскал Асанкан менен ажырашып кетишкен. Улуу уулу Бектурсун кыргыз телеберүүсүндө иштеген. Кичуу уулу Мирбек да телеберүүдө көп жыл оператор болуп иштеген. Кызы - Айнура Канжаева, айылдык китепканачы, Сокулук районунун Асылбаш айылдык кеңешинин депутаты болгон.

Сыйлыктары

түзөтүү
  • Ленин ордени
  • Эки Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган
  • Кыргыз ССРинин эл артисти (1954)
  • Кыргыз ССР Жогорку Советинин 2 Ардак грамотасы
  • Бүткүл союздук эстрада артисттеринин конкурсунун лауреаты

2015-жылы Мыскал Өмүрканованын 100 жылдык мааракеси

түзөтүү

2015-жылы Мыскал Өмүрканованын 100 жылдык мааракеси республикалык масштабда белгиленди. Залкар таланттын юбилейине карата журналист Шамшыкеевдин сценарийине белгилүү режиссер Темир Бирназаров "Мыскал эже" аттуу даректүү тасма жаратты [1].[2] [3]

Адабият

түзөтүү
  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
  • Мыскал Омурканова. Народная артистка Киргизской ССР. / Сост. В. В. Жеребков - Фрунзе, 1958. - 13 бет.
  • Кыргыз музыкасы: Энциклопедия. / Алагушов Балбай, - Б., 2007.- 389 бет. - ISBN 978-9967-13-268-9
  • Мыскал Өмүрканова кантип ырчы болгон? Жыпар Исабаева / Кыргыз Туусу. - Б.: 21.07.2015 - 14 бет. - N58 (23947)
  • Кайбылда уулу Асан. Кыргыз күүлөрү: Иликтөөлөр, ойлор, пикирлер: 1 китеп / Долбоордун жетекчиси, илимий ред. Э. Көчүмкулова; Борбордук Азия Университети. - Б.: 2011. - 745 бет. - ISBN 978-9967-25-326-5

Интернеттеги шилтемелер

түзөтүү