Мышьяк рудалары — бөлүп алууга экономикалык жактан татыктуу өлчөмдөгу мышьяк жанаа анын бирикмелери бар табигый минералдардын чогундусу.

Составында мышьяк (As) бар жаратылышта 120дан ашык минерал бел­гилуу. Алардын ичинен өтө кеңири таралгандары: арсенопирит (мышьяк колчеданы) FeAsS (составындагы As 46,0%), мышьяктуу колчедан (леллингит) FeAs2 (72,8%), реальгар AsS (70,1%), аурипигмент As2S3 (61,0%).

Пайда болушу жагынан Мышьяк рудаларынын көпчүлүгү эндоген сериясындагы гид­ротерм тобунун плутоген жана вулканоген класстарына тиешелуу. Мышь­як бирикмелери көбүнчө түстүү жана асыл металлдар (Си, Zn, Pb, Au, Ag ж. б.) менен бирге кездешет. Өнөр жайлык классификация боюнча Мышьяк рудаларынын кендери бир нече типке болунот: мышьяк­туу (арсенопириттуу жана реальгар — аурипигменттуу), алтын-мышьяктуу, кумуш-мышьяктуу, полиметалл-мышьяктуу, мышьяк-кобальттуу, мышьяк- калайлуу.

Рудадагы мышьяктын од­ному 2%ке жетсе, өндүрүшко жарамдуу болуп эсептелет, бирок адатта мышьяктын олчому 5—10%ке жеткеп рудалар казылып алынат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.