Мээрим Жуманазарова

Кыргызстандык спортчу, эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиону (2021)

Мээрим Жуманазарова (төр. 9-ноябрь 1999, Бакай-Ата району, Талас облусу, Кыргызстан) — Кыргызстандык спортчу, эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиону (2021), Дүйнө кубогунун ээси(2020), Токиодого олимпиаданын коло медаль ээси(2020), Азиянын чемпиону(2021) жана Азия оюндарынын медалчысы[1]. Эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.

Мээрим Жуманазарова

Жапониянын борбору Токио шаарында өткөн 2020 жайкы Олимпиада оюндарынын 68 кг чейинки аялдар арасындагы эркин күрөш боюнча коло медалды сыйлоо аземинде
Жеке маалыматы
Жынысы

Аял

Толук аты-жөнү

Жуманазарова Мээрим Рахмадиловна

Жарандыгы

 Кыргызстан

Чеберчилиги

Эркин күрөш

Төрөлгөн датасы

9 -ноябрь 1999(1999-11-09) (24 жаш)

Төрөлгөн жери

Оро, Бакай-Ата району, Талас облусу, Кыргызстан

Бою

167

Салмагы

69 кг

Спорттук чини

Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери

Meerim Zhumanazarova

Өмүр баяны түзөтүү

Жуманазарова Мээрим Рахмадиловна 1999-жылы 9-ноябрда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Оро айылында туулган. Атасы Рахмадил Жуманазаров 1955-жылы туулган, эркин күрөш боюнча машыктыруучу. Апасы Айнура Чолпонкулова 1971-жылы туулган, кесиби фельдшер-лаборант. Мээрим — сегиз бир туугандын төртүнчүсү.2005-2014-жылы туулуп өскөн айылындагы Токтогул Чогушев атындагы орто мектепте окуган; 2014-2016-жылдары Кыргызстан Эл аралык университетинин колледжинде билим алган; 2017-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетинин 1-курсунун студенти

Карьерасы түзөтүү

  • 2014-жылы Бангкокто өткөн Азия чемпионатында коло медаль;
  • 2015-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында коло медаль;
  • 2016-жылы Грузияда өткөн дүйнө биринчилигинде коло медаль;
  • 2017-жылы Бангкокто өткөн Азия чемпионатында алтын медаль;
  • 2017-жылы Финляндияда өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль;
  • 2017-жылы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында коло медаль.

Эскермелер түзөтүү

  1. Иван МАРЧЕНКО. Грозная на ковре и добрая вне его. Как Мээрим Жуманазарова покоряет мир борьбы (орус.). 24.kg (31 -август (баш оона) 2019). Текшерилген күнү 4 -сентябрь (аяк оона) 2019.

Шилтемелер түзөтүү