Мөмө багын коргоочу тилке

Мөмө багын коргоочу тилке - мөмө-жемиш багынын айланасына катарлата тигилүүчу дарак, токой. Ал мөмө багын шамалдан тосот.

Кар­ды учуруп кетүүдөн калкалап, бак­тын өсүшүн жакшыртып, түшүмун арбытат, бышкан мөмөнү шамалда күбүлүүдөн сактайт. Тилкеге дарак сейрек ж-a жыш тигилет. Сейректиккенде шамал тегиз өтүп, кар бак арасына жакшы топтолот да, текши тарайт. Жыш тигилгенде муздак абаны бөгөп, момө дарагы гүлдөгөн мезгилде жазгы үшүктөн сактайт. Көбүнчө М. б. к. т. 2—3, ачык жерде 3—5, шамалдама райондордо 6—8 катар, катар аралыгы 2—2,5 м болот. Ага Те­рек, карагай, кайың, көк карагай ж. б. тез жетилүүчү дарак тигилет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.