Манож Неллятту "М. Найт" Шямалан (англ. M. Night Shyamalan;/ˈʃæməlɑːn/; Maṉōj Nelliyāṭṭu Śyāmaḷaṉ; Тамил тилинде: மனோஜ் நெல்லியட்டு ஷியாமளன்; Малаялам тилинде: മനോജ് നെല്ലിയാട്ട് ശ്യാമളന് /ˈʃɑːməlɑːn/; 1970-жылы 6-августта туулган Индия-америкалык кинорежиссер, сценарист, автор, продюсер жана актер, өзүнүн заманбап, чыныгы жашоодо орун албаган сюжеттүү жана күтүлбөгөн, сюрприз менен аяктаган тасмалары менен таанымал. Анын жогору бааланган тасмаларына "Алтынчы сезим" (англ. The Sixth Sense, 1999), "Ажыралгыс" (англ. Unbreakable, 2000) жана "Белгилер" (англ. Signs, 2002) кирет. Кийинчерээк Шямаландын финансылык жактан ийгиликтүү бирок начар чыгарылган бир нече тасмалары анын карьералык ийгилигине тоскоол болду, алардын ичинде: "Кыштак" (англ. The Village, 2004), "Суу периси" (англ. Lady in the Water, 2006), "Кубулуш" (англ. The Happening, 2008), "Акыркы аба сыйкырчысы" (англ. The Last Airbender, 2010) жана "Жер жашоодон кийин" (англ. After Earth, 2013) аттуу тасмалар кирет. "Жашоодон кийинки жер" (англ. After Earth) тасмасынын финансылык ийгиликсиздигинен, Шяламандын карьерасы "Визит" (англ. The Visit, 2015) жана "Сплит" (англ. Split 2016) аттуу футуристикалык коркунучтуу тасмалардын чыгуусу менен кайрадан калыбына келет, акыркы аталган тасма, анын мурунку "Ажыралгыс" (англ. Unbreakable) аттуу тасмасы тартылган ааламда орун алган. Ошондой эле, Шяламан "Азезил" (англ. Devil, 2010) тасмасынын продюсеры катары белгилүү, аны менен бирге, ал "Fox" телевизиондук тармагынын "Уэйуард Пайнс" (англ. Wayward Pines) илимий фантастика сериалынын жаратууда маанилүү роль ойнойт.

Ошондой эле, Шямалан өзү өсүп-чоңойгон Пенсильвания штатындагы Филадельфия шаарынын өзүндө жана жакынкы аймактарында тасма тартканы менен таанымал. Анын коммерция жактан ийгиликтүү болгон тасмаларынын көбү "Walt Disney" студиясынын "Touchstone" жана "Голливуд" (англ. Hollywood) кинокомпаниялары менен биргеликте чыгарылган. 2008-жылы, Шямалан Индия өкмөтү тарабынан "Padma Shri" сыйлыгы менен сыйланган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү