"Сплит" (англ. Split) — 2016-жылы М. Найт Шямалан тарткан америкалык психологиялык коркунучтуу триллер.[3] Тасма "Тоотпос" тасмасынын (англ. Unbreakable) баяндоосундай берилген кара санатайдын окуясын көрсөтөт. Үчилтиктин экинчи бөлүгү. Башкы каармандарды Жеймс Макэвой, Аня Тейлор-Жой жана Бетти Бакли ойногон. Сюжети боюнча Кевин Венделл Крамб аттуу кишинин ичинде 23 инсан жашайт. Ал үч өспүрүм кызды уурдап, жердин астындагы обочолонгон камакта кармайт.

Сплит
Режиссеру М. Найт Шямалан
Продюсер
Сценарийи М. Найт Шямалан
Оператору Майк Гиулакис
Тартылгандар
Музыкасы Уэст Дилан Тордсон
Директору М. Найт Шямалан
Редактору Лүк Франко Жиароччи
Студия
Жайылтуучу Universal Pictures
Чыккан жылы
  • сентябрь 26, 2016 (2016-09-26) (Fantastic Fest)
  • январь 20, 2017 (2017-01-20) (АКШ)
Узактыгы 117 мүн.[1]
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $9 млн[2]
Киреше $276.9 млн[2]

Тасманын негизги бөлүгү 2015-жылы 11-ноябрда, Пенсильвания штатынын Филаделфия шаарында башталган. Тасманын бетачары 2016-жылдын 26-сентябрында "Fantastic Fest" фестивалында болуп, Universal Pictures тарабынан 2017-жылдын 20-январында АКШда жарыкка чыккан. Тасма киносынчылардан жакшы сын-пикирге ээ болуп, 9 млн доллар бюджети менен дүйнө жүзү боюнча 276.9 млн доллар киреше тапкан.

Алгач, Шямалан Кевин персонажын "Тоотпос" тасмасына арнап жазган, бирок, тасманын баяны кызык болушу үчүн кийин алып салган. Шямалан "Тоотпос" трилогиясын "Айнек" (англ. Glass) тасмасы менен бүтүрөөрүн жарыялаган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

 
Жеймс Макэвой, 2015-жыл

Шилтемелер түзөтүү

  1. Split (15). British Board of Film Classification (November 29, 2016). Текшерилген күнү 29 -ноябрь (жетинин айы) 2016.
  2. 2.0 2.1 Split (2017). Текшерилген күнү 14 -май (бугу) 2017.
  3. Split Down the Middle: M. Night Shyamalan’s Split Balances Studio Know-How With Indie Innovation. Текшерилген күнү 12 -январь (үчтүн айы) 2017. Түп булактан архивделген күнү 13 -январь (үчтүн айы) 2017.