Набиев Бурхан Набиевич (19421990)

Өмүр жолу түзөтүү

1942-жылы 6-майда Лейлек районунун Маргун айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Сегизинчи класска чейин Маргун мектебинде, андан кийин Исфана айылындагы Токтогул атындагы орто мектебин бүтүргөн. 1963-1966-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Эмгек жолу түзөтүү

  • 1959-1961 –жылдары Даргаз айылындагы «1-май» башталгыч мектебинде мугалим болуп иштейт;
  • 1961-жылы Ош Мамлекеттик Педагогикалык Институтунун «Орус тили жана адабияты» факультетине окууга кирип, ал окуу жайын 1966-жылы артыкчылык диплому менен бүтүрөт;
  • 1966-1968- жылдыры Ош Мамлекеттик Педагогикалык Институтунун комсомол комитетинин секретары болуп иштейт;
  • 1969-1970 –жылдары аталган Институттун «Философия» факультетинин ага окутуучусу болуп иштейт жана 1970-жылдан бери КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алынат;
  • 1970-1971 –жылдары Кыргыз Илимдер Академиясынын Педагогикалык илим изилдөө институтунун аспиранты;
  • 1971-1972 –жылдары «Коминтерн» орто мектебинин орус тили жана адабият мугалими;
  • 1972 – жылы Лейлек райондук Кыргызстан Ленин Комсомол Комитетинин биринчи катчысы;
  • 1973-1976-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Лейлек райондук Комитетинин «Агитация жана пропаганда», «Уюштуруу» бөлүмдөрүнүн башчысы;
  • 1976-1980- жылдары Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын Ош обкомунун «Уюштуруу» бөлүмүнүн инструктору, бөлүм башчысынын орун басары;
  • 1980-1982 –жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Лейлек райондук Комитетинин экинчи секретары;
  • 1982-1985- жылдары Эл депутаттарынын Лейлек райондук Аткаруу Комитетинин төрагасы;
  • 1985-1988 – жылдары Билим берүү Министирлигинин Лейлек райондук Элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы;
  • 1988 – 06.02.1990 –жылдары, б.а. өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин Лейлек районундагы Ю. А. Гагарин атындагы орто мектебинде директор болуп иштеген.
 

Сыйлыктары түзөтүү

Бурхан Набиевдин үзүрлүү эмгегин Кыргыз Өкмөтү жана Коммунисттик партия тарабынан жогору бааланган.

  • -Ал Кыргыз ССРинин жогорку Советинин 2-жолку Ардак Грамотасы менен;
  • -Кыргызстан ЛКЖСнын Борбордук Комитетинин (ЦК ЛКСМ) Ардак Грамоталары менен эки жолу,
  • -Ош областтык Партия Комитетинин жана Ош обласстык Аткаруу Комитетинин Ардак Грамоталары менен жана Эмгек ардагери медалы менен сыйланган.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Атасы - Наби Жолдошев жаш кезинде Улуу Ата –Мекендик согушка кетип курман болгон. Бурхан агай, энеси Жолдошева Жаандын колунда жалгыз чоңойгон. Энеси 1999-жылы каза болгон. Жубайы Садирова Жамал, мугалимдик тармакта 35 жыл иштеп, азыркы кезекте пенсияда. Алардын үч уул, эки кызы бар. Балдарынын баары жогорку окуу жайларын бүтүрүшүп, мамлекеттик ар түрдүү кызматтарда иштеп келүүдө. Уулу Нурлан – Кыргызстандагы ири “Суу ресурстары” долбоордун менеджери, уулу Нуркамал - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары – Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору, юстициянын полковниги, кызы Гүльбара- Милдеттуу Медициналык камсыздандыруу Фондунун Ош аймактык башкармалыгынын дарыгер эксперти, уулу-Азамат, менчик фирманын жетекчиси, ишкер. Кызы-Асель, Бириккен Улуттар Уюмунун Эфиопия мамлекетиндеги Өкүлчүлүктүн жооптуу кызматкери.