Назар Эмил уулу
Эл оозунда аты аталып жүргөн уламалуу манасчылардын бири таластык Эмил уулу Назардын качан төрөлгөндүгү жөнүндө так маалыматтар жок. Бирок анын атактуу манасчылардан экендиги жөнүндө эл азыркыга чейин уламалап айтып жүрөт. Камчынын бир бүлдүргүсүн бир жума айтып түгөтө албаган Назар, Мамбет Чокмор уулу сыяктуу Баатырларга түшүндө эмес, өңүндө жолуккан дешет.
Алгач Таластын суусунан кече албай, ар жактагы тегирменге өтө албай турган Назарды кандайдыр бир көзгө көрүнбөгөн күчтөр колдоп ар жакка да, кайра бер жакка да өткөрүп коюшат. Андан көп өтпөй ордо ойноп жаткандарга кезигет. Алыстан кызыгуусу артып, жакындап барганда гана тигилердин опсуз зор адамдар экенин байкап, эси чыга баштайт. Тигилер муну сооротушуп, чокон атууга кошуп алышат. Анан оюндун кызуусу менен аралашып кетет. Оюндан кызыгуусу тараганда кайра кайта берип, артына кылчайса, азыр эле ойноп жаткан ордо да оюнчулар да орду-түбү менен жок болуп калат. Кийинчерээк кайыптарга кезиккенин туят. Бирок бул кайра-кайра кайталанып, Назар үчүн көнүмүш ишке айланып кетет. Ошентип, арты Назардын “Манас” айтып калуусуна такалат.
Эл арасында: “Назар Баатырлар менен аралаш жүрөт экен, ал тургай алардын чачын алып берет экен” – деген имиш, анын көзү тирүүсүндө эле айтыла баштайт. Бирок бир сырдуу манасчы аларга жооп кайрыбай өз жомогун айтып жүрө берет.
Өз кезегинде дагы бир уламалуу манасчы Түлөбердиден таалим алган Назардын өмүрүнүн аягы да табышмактуу болуп, анын тирүүлөй кайыпка айланып кеткендигин эл бүгүнкү күнгө чейин аңызга айландырып айтып жүрөт.