Талас облусу

Талас областы‎»‎ барагынан багытталды)

Талас облусу - Кыргызстандын түндүк батыш жагынан орун алган, өлкө ичиндеги территориясы жана калкынын саны жагынан эң аз жана чакан облус. Жалпы аянты 11 400 км², калкынын саны 2022-жылдагы эсеп боюнча 274 029 адамдан турат.  Облустун борбору Талас шаары эң алгач кыштак катары 1877-жылы негизделген. Талас 1913-жылга чейин Ак-Чий кыштагы деп аталып, орус бийлигинин орношу менен бул жер Дмитриевка деп өзгөртүлүп, Дмитриевка борбор катары шаар деп белгиленет.  Бирок Талас облусу аймак катары 1944-жылга чейин Чүй облусунун бир бөлүгү катары эсептелинип келген. 1944-жылы СССРдин Жогорку Советинин 22-июндагы чечимине ылайык Кыргыз ССРинин курамында облус катары уюштурулуп, борбору кайрадан мурдагы аталышы Талас шаары болуп аталган.  1956-жылы 18-февралда Фрунзе облусуна кошулуп, 1962-жылы бул облус жоюлган соң анын аймагындагы Талас району, Киров (Азыркы Кара-Буура) району жана Ленинполь (Бакай-Ата) району Республикага түз баш ийдирилген.  Аймактык жактан 1980-жылдын 3-сентябрынан тартып 1988-жылдын 5-октябрына чейин азыркы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул району Талас облусунун курамында болгон. Кыргыз Республикасы Эгемендүү Республика катары жарыяланганы Талас облусунун территориясы башка аймактардын эсебинен өзгөрүлө элек. Ошондой эле облустун курамына 4 район, 36 айылдык округ, 90 айыл, 1 шаар тибиндеги кыштак кирет.

Талас облусу
Белгиси
Белгиси
Желеги
Желеги

Талас облусу картада

Өлкө:

Кыргызстан

Абалы:

Облус

Курамында:

1 шаар, 4 район

Акимий борбору:

Талас шаары

Түзүлгөн убакыты:

22-июнь 1944

Ыйгарым өкүлү:

Эралиев Дастан

Расмий тили:

Кыргыз тили

Калкы (2019):

263 500

Жыштыгы:

20,33 адам/км²

Жер аянты:

11 400 км²

Саат алкагы:

UTC+6

ISO 3166-2 коду:

KG-T

Унаа коду:

T, 07

Расмий сайты

Административдик-аймактык түзүлүшү түзөтүү

Карта Аталыш Туу, герб Туруктуу калк
2021, адам[1]
Баш ийген айыл аймактар (а. а.) жана шаарлар[2] Айыл аймактарга жана шаардарга кирген айылдар
 
Бакай-Ата району жок 53 359 Ак-Дөбө айыл аймагы Ак-Дөбө а., Кызыл-Сай а., Кызыл-Чарба а.
Акназаров айыл аймагы Кызыл-Октябрь а., Көк-Таш а., Маданият а., Таш-Кудук а., Үр-Малар а.
Боо-Терек айыл аймагы Боо-Терек а.
Кең-Арал айыл аймагы Кең-Арал а.
Ленинполь айыл аймагы Бакай-Ата а., Наматбек а.
Миң-Булак айыл аймагы Миң-Булак а.
Өзгөрүш айыл аймагы Өзгөрүш а.
Орос айыл аймагы Кыргызстан а., Жон-Коргон а., Биринчи Май а.
Шадыкан айыл аймагы Ынтымак а., Түйтө а.
 
Кара-Буура району жок 69 180 Ак-Чий айыл аймагы Жоон-Дөбө а., Жийде а.
Аманбаев айыл аймагы Аманбаев а., Ак-Жар а., Куру-Маймак а., Суулу-Маймак а.
Бакайыр айыл аймагы Ак-Башат а., Кара-Сай а.
Бакыян айыл аймагы Бакыян а., Тамчы-Булак а., Камаш а.
Бейшеке айыл аймагы Бейшеке а., Кара-Буура а., Кара-Суу а.
Кара-Буура айыл аймагы Кызыл-Адыр а., Чоң-Кара-Буура а., Үч-Булак а.
Көк-Сай айыл аймагы Көк-Сай а., Кайнар а.
Маймак айыл аймагы Маймак а.
Чолпонбай айыл аймагы Чымгент а., Көк-Дөбө а.
Шекер айыл аймагы Шекер а., Арчагул а.
 
Манас району жок 37 505 Кайыңды айыл аймагы Арал а., Кайыңды а., Нылды а., Сары-Булак а., Чеч-Дөбө а.
Кыргызстан айыл аймагы Талас а., Көк-Дөбө а., Манас а.
Май айыл аймагы Май а., Новодонецкое а.
Покровка айыл аймагы Покровка а., Бала-Сары а., Жайылган а., Кара-Арча а., Сөгөт а.
Үч-Коргон айыл аймагы Кызыл-Жылдыз а., Ак-Таш а., Жийде а., Кеңеш а., Чоң-Капка а., Таш-Башат а., Үч-Коргон а.
 
Талас району жок 70 642 Айдаралиев айыл аймагы Көпүрө-Базар а.
Арал айыл аймагы Арал а.
Бекмолдо айыл аймагы Сасык-Булак а., Кара-Ой а., Кеңеш а., Чоң-Токой а.
Бердике Баатыр айыл аймагы Кум-Арык а., Арашан а., Козучак а.
Жерге-Тал айыл аймагы Кызыл-Туу а., Көк-Кашат а., Чыйырчык а.
Долон айыл аймагы Таш-Арык а., Ак-Жар а., Орто-Арык а.
Калба айыл аймагы Калба а., Атай Огонбаев а., Балбал а., Беш-Таш а.
Кара-Суу айыл аймагы Кара-Суу а.
Көк-Ой айыл аймагы Көк-Ой а.
Кууганды айыл аймагы Үч-Эмчек а.
Нуржанов айыл аймагы Жон-Арык а., Көк-Токой а.
Өмүралиев айыл аймагы Манас а., Чат-Базар а.
Осмонкулов айыл аймагы Талды-Булак а., Ак-Коргон а.
Талас шаары
 
40 308 жок жок

Булактарга шилтемелер түзөтүү