НАЙМАНДАР – 9–12-кылым Орхон жана Иртыш дарыяларын мекендеген көчмөн түрк-моңгол элдеринин бирикмеси. Кытай жазма булактарында наймандар 8-кылымда Байкал көлүнүн түштүгүндө жашагандыгы баяндалат. 12-кылымда наймандар кубаттуу уруулук бирикме түзүшкөн. 12-кылымдын аягында согуштук-саясий таасири бошоңдоп калган кыргыздарды жеңип алышкан. «Найман» моңгол-бурят тилдеринде «сегиз» дегенди түшүндүрөт. Н. А. Аристов Катун дарыясынын куймасы болгон Найма суусунун аталышынан келип чыккандыгын божомолдойт. Наймандар уйгур жазмасын колдонушкан. Диний ишеним жагынан наймандар христиандар (несториан) болушкан. Айрым маалыматтарда моңголдор уйгур арибиндеги жазууну наймадардан кабыл алышкандыктары айтылат. 12-кылымдын аягы – 13-кылымдын башында ичара карама-каршылыктардан наймандардын уруулук бирикмеси начарлап, ыдырай баштаган. Чыңгыз хандын аскерлеринин кысымы астында наймандар 13-кылымдын башында Фергана, Жетисуу жана Кашкарды көздөй чегинишкен. Бул мезгилде наймандарды Таян хан, андан соң Күчлүк хан бийлеген. Батышты көздөй чегинген наймандар Күчлүк хан ас-Сегизинин («ас-сегизи» – сегиз уруу элдин жетекчиси) жетекчилиги менен кара кытай Гур ханына баш ийип, 1211-жылы анын тактысын тартып алган. 1218-жылы Күчлүк хан Чыңгыз хан тарабынан талкаланып, чыккынчылык менен өлтүрүлгөн. Наймандар кийинки түрк тилиндеги сүйлөгөн элдердин курамына аралашып кетишкен. Ичкилик (Булгачы) уруу тобундагы ири уруулардын бири.

Колдонулган адабият

түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.