Наливкин мөңгүсү – Какшаал тоосунун Түндүк капталындагы тоонун чокусунда жаткан мөңгү. Узундугу 13,2 км, аянты 19,5 км2. Туурасы 300– 1000 м. Какшаал дарыясынын сол куймасы Чоң ҮзөңгүКууштун башында, Мушкетов мөңгүсүнүн чыгыш тарабында жайгашкан. Этек бөлүгү терең капчыгайда жатат. Мөңгүнүн маңдайында жаткан кальщ морена кууш эрозиялык шаңшаарга барып такалат. Жаңы жээк мореналары мөңгүнүн четинен 50-60 м жогору жатышы анын кичирейип бараткандыгын айгинелейт. Вашы деңиз деңгээлинен 5700 м, этеги 3960 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4830 м. Абляциясынын аянты 5,0 км2. Мөңгүдөн башталган суу Ай-Талаага (Чоң Үзөңгү-Куушка) куят. Мөңгү орус геологу Д. В. Наливкиндин ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү