Наматбаев Сагын (1933–2001) - жазуучу, котормочу, коомдук ишмер.

Сагын Наматбаев Москва районундагы Чоң-Арык кыштагында 1933-жылы 15-мартта туулган.
1948-жылы айылдагы жети жылдык мектепти, 1951-жылы Бишкектеги айтылуу № 5 орто мектепти аяктаган соң Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине кирет.
Эмгек жолун Ош шаарындагы кыргыз орто мектебинде мугалим болуп иштөө менен баштаган.
С.Наматбаевдин алгачкы макалалары, ырлары 1949-жылдан тартып республикалык, облустук гезит, журналдарга чыга баштайт.
1965-жылы «Эки дүйнө – эки жаштык» деген алгачкы китеби жарык көргөн.
Ал В.Шукшиндин, каракалпак эл жазуучусу Т.Кайипбергеновдун, азербайжан Р.Ибрагимбековдун, Ю.Боревдин китептерин жана дүйнөлүк адабияттан Гарсиа Маркестин, Конан Дойлдун, Агата Кристинин, Абрахам Мэриттин, Гарольд Роббинстин реалисттик жана укмуштуу окуялуу чыгармаларын кыргызчага которгон.
С.Наматбаев коомдук жана жетекчи кызматтарда иштеп, 1958-жылы мектеп мугалиминен комсомолдун Ош обкомунун лекторлор тобуна башчы болуп дайындалган, кийин обкомдун катчысы, 1961-1968-жж. республикабыздын комсомолунун Борбордук Комитетинин катчысы, биринчи катчысы болуп шайланган.
1968-1972-жж. Кыргызстан КП БКнын партиялык иштерди уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орунбасары, партиянын Ысык-Көл облустук комитетинин катчысы, 1972-1984-жж. республикалык ички иштер министринин орунбасары, В.И.Лениндин чыгармаларын кыргызча чыгаруу боюнча Башкы редакциянын жооптуу катчысы, 1985-жылы «Кыргыз маданияты» жумалыгынын башкы редактору, 1988-жылдан «Мектеп» басмасынын директору болуп иштеген.
1964-жылдан Журналисттер союзуна, 1985-жылдан Жазуучулар союзуна мүчө.
Ички иштер кызматынын полковниги (1976), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1993), Билим берүүнүн отличниги (1993).
Анын көп жылдык эмгегинин үзүрү эки Ардак белгиси ордени, көптөгөн медалдар, Ардак грамоталар менен белгиленген. Учурунда СССР Жогорку Советинин депутаты, облустук жана райондук Советтердин депутаты болуп шайланган.
Өмүрүнүн акыркы жылдары жана күндөрүндө кыргыз милициясынын энциклопедиясын, музейин түзүп, ардагерлер советин жетектеген.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Эки дүйнө – эки жаштык. – Ф.: Мектеп, 1965. – 156 б.

Укмуштар өлкөсүндө 22 күн: Очерк. – Ф.: Мектеп, 1969.

Унутулгус жолугушуулар: Жол очерктери. – Ф., 60 б.

Ишеничти актап: Кыргыз милициясынын тарыхынын баракчаларынан (1917–1983). – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 136 б.

Орус тилинде

Оправдывая доверие. – Ф.:Кыргызстан, 1989. - 150 с.

КОТОРМОЛОРУ

Шукшин В. Кызыл калина: Аңгемелер, киноповесть – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 180 с.

Шукшин В.Тандалгапн аңгемелер жана киноповесть– Ф.: Кыргызстан, 1980. – 460 с.

Игорь жортуулунан баян:– Ф.: Мектеп, 1986. – 32 б.

Тишков А. В. Дзержинский. – Ф.: Мектеп, 1987. – 368 с.

СССР тарыхы: Орто мектептин 11-классы үчүн окуу китеби / Которгон/ Наматбаев С.– Б.: Мектеп. – 221 б.