Намиб - Намибиядагы чөл, океан жээгинде. Мосамедиш шаарынан (Түндүк) Олифантс дарыясынын чатына чейин (түш.) созулат. Чыгышка тектирленип, көтөрүлгөн түздүк (бийиктиги 1000-1200 м). Түндүгү шагыл-кумдуу, түштүгү таштуу чөл. Эң нымдуу мезгилде жылына 100 ммте чейин жаан-чачын жаайт. Кунене жана Оранж дарыялары агып өтөт; убактылуу аккан суулары да бар. Жер астындагы суулар жер бетине жакын жаткан жерлерде акация, сүттүү чөп, алоэ, вельвичия өсөт. Алмаз жана уран (Людериц бухтасы аймагында) казылып алынат.

Намиб.
Намиб.

Колдонулган адабияттар түзөтүү