Нанкин (кытайча Наньцзин) - Чыгыш Кытайдагы шаар. Цзянсу провинциясынын административдик борбору. Янцзы дарыясынынтөмөнкү агымындагы порт (деңиз кемелери келет). Калкы 3,4 миллион (2010, шаар агломерациясы менен 4,4 млн). Жолдор тоому. Көп тармактуу машина куруу, металлургия, химиялык (жер семирткич, жасалма була), текстиль, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. ИАнын филиалы, университет, музейлер (анын ичинен тарых жана башка), обсерватория, Кытай демократ-революционери Сунь-Ятсендин мавзолейи бар.

Нанкин.

Биздин заманга чейинки 5-кылымданар түрдүү ат мененбелгилүү болуп келген. 1368-1421-жылы Кытайдын, 1853-68-жылы көтөрүлүшкө чыккан тайпиндер ээлеп, алар жарыялаган Тай-пин тяньго мамлекетинин борбору, (фарфор мунара жана башка тарыхый эстеликтер талкаланган) 1927—37- жана 1946—49-жылы Кытай Республикасынын өкмөту турган жай болгон. 1937-45-жылы япон аскерлери басып алган. Цисясы кечилканасындагы Шэлита таш пагодасы (10-кылым), Лингусы кечилканасындагы «уляндянь» (кыштан салынган «устунсуз сепил») сакталган. Ботаникалык бак уюштурулган. Нанкин аймагынан темир, таш көмүр, пирит казылып алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү