Нансен чуңкурдугу
Нансен чуңкурдугу - Түн. Муз океанынын түбүнүн батыш бөлүгүндөгү оёң.
Түндүгүнөн Гаккел кырка тоосу, түштүгүнөн Шпицберген-Түндүк Жердин материктик капталы менен чектешет. Орт. тереңд. 3430 м, эң терең жери 5449 м (Литке капчыгайында). Норвегиялык саякатчы Ф. Нансендин ысмы менен аталган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.