Нариман Түлеев

Кыргызстандык саясатчы жана мамлекеттик ишмер

Нариман Түлеев — Кыргызстандык саясатчы, мамлекеттик ишмер. Бишкек шаарынын мэри (2008-2010).Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, «Ата-Журт» фракциясынын депутаты (2010).

Нариман Түлеев
Түлеев Нариман Ташболотович
Желек
Желек
Бишкек шаарынын мэри (м.а)
желек
желек
20-октябрь, 2020 — 22-октябрь, 2020
Президент: Садыр Жапаров
Андан мурунку: Азиз Суракматов
Андан кийинки: Балбак Түлөбаев (м. а)
Желек
Желек
Бишкек шаарынын мэри
желек
желек
7-июль, 2008 — 7-апрель, 2010
Президент: Курманбек Бакиев
Андан мурунку: Данияр Үсөнов
Андан кийинки: Иса Өмүркулов
 
Жарандыгы:  Кыргызстан
Туулган жери: Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР
Партиясы: Ата-Журт
Кесиби: инженер-куруучу

Өмүр баяны түзөтүү

1963-жылы 24-декабрында Бишкек шаарында туулган.

1985-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун “инженер-куруучу” адистиги боюнча аяктаган.

Ишмердүүлүгү түзөтүү

Өзүнүн эмгек жолун 1985-жылы Нарын МККсында мастер болуудан баштаган. 1986-1990 жылдары КР ЛКСЖсынын Тянь-Шань районунунда комсомолдук иште, Кыргызстан ЛКСЖсынын Ысык-көл ОКсында, ВЛКСМдин Оренбург ОКсында иштеген.

1990-2001-жылдары жеке ишкананын жетектеген. 2001-2005-жылдары башкы инженер “Темир” мамлекеттик ишканасынын директору болуп иштеген. 2005-жылдан 2008-жылдын июлуна чейин “Кыргызтемиржолу” “Улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасын н жетектеген.

2008-жылдын 14-июлунда Кыргыз Республикасынын Шаардык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясында Н.Т.Түлеевдин талапкерлиги Бишкек шаарынын мэрлик кызматына талапкерлиги бир добуштан кабыл алынган.

2010-жылдын октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына “Ата-Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясынан тизме боюнча депутат болуп шайланган.

“Чек ара кызматташтыгын бекемдиги үчүн” КРнын чек ара кызматынын медалы менен сыйланган. 2007-жылдын апрелинде “Даңкы медалы менен сыйланып, 2008-жылдын майында “Ардактуу темир жолчу” наамын алган.

КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн темир жол транспорту боюнча кеңешинин Баку шаарында болуп өткөн 47-жыйналышында катышкан. Нариман Тюлеевдин Кыргызстан темир жол транспортуна гана эмес, бүтүндөй бардык тармактарга, ошондой эле соода-өнөр жай байланыштарын өнүктүрүүгө кошкон салымын “НК КТЖ” МИсынын ошол учурдагы жетекчиси, “Россия темир жолдору” АКсынын башкы директору Владимир Якунин белгилеп, Россия темир жолунун 170 жылдыгынын урматына карата ардактуу медаль менен сыйланган.

2008-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен, ”Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси” класстык чени ыйгарылган. 2009-жылдны октябрынан Кыргызстан архитекторлор бирлигинин ардактуу мүчөсү, ошондой эле 2009-жылдын 19-ноябрында Жогорку Кеңештин уюшулгандыгынын 70 жылдыгына арналган юбилейлик медаль менен сыйланган.

2012-жылы Нариман Түлеев мэрлик кызматты аркалап турган учурунда коррупция боюнча шектелип териштирүү башталган. 2008-жылы Кытайдан жүргүнчү ташыган автобустарды сатып алууда жана 200 миллион сомдук муниципалдык облигацияларды чыгарууда мыйзамсыз аракеттерге барганы үчүн кылмыш иши козголгон. 2013-жылы Ленин райондук соту аны мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Түлеев мамлекеттик казынага 60 миллион сом төлөп, 2016-жылы, 7-майда эркиндикке чыккан.

Шилтемелер түзөтүү

[1]