Нарколепсия (байыркы грек тилинен νάρκη — селейип калуу, түш жана λῆψις — туталак (приступ)) — капысынан уйку басып кармаган оору.

Нарколепсия
Нарколепсия менен ооруган киши жөнүндө кинонун бир кадры

Пайда болгон себептери түзөтүү

Ал кээ бир жугуштуу оорудан (эпидемиялык энцефалит, безгек жана башкалар), баш травмасынан пайда болот. Кээде ага мээдеги шишик себепкер, айрым учурда нарколепсия тукум кууйт. Уйку басуу анча көп убакытка созулбайт. Суткасына ал бир нече жолу уйкуга шарт болбогон учурда деле (тамак ичкенде, сүйлөп жатканда, туруп турганда жана башкаларда) кармайт. Өзү же акырын тийип койсо эле ойгонуп, андан кийин сергип калат. Оорунун экинчи белгиси — булчуңдардын бошоңдошу. Анда түнкү, кээде күндүзгү уйкудан кийин киши эс-акылында болсо да кыймылдай албай калат, ал учурда абдан коркуп кетет. Оору 1—30 мин. созулат. Кээде галлюцинация коштойт. Нарколепсия менен жабыркаган ооруларда зат алмашуунун, эндокрин системасынын бузулуулары кездешет. Нарколепсия менен көбүнчө жаш кезде ооруп, улгайган сайын азаят. Оору өнөкөт түрдө өтөт.

Дарылоо түзөтүү

Дарылоодо анын негизги себебин жоюуга көңүл бурулат. Оорулуу кезеги менен эс алууга мүмкүн болгон жумушта иштөө керек.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8