Нарын троллейбусу
Нарын троллейбусу — 1994-жылы 30-декабрда Нарын шаарында ачылган троллейбус системасы.
Нарын троллейбусу | |
Маалымат | |
---|---|
Өлкө | |
Жайгашкан жери | |
Ачылган датасы | |
Менчик ээси |
«Троллейбус» МИ |
Жол кире акысы | |
Каттамдар | |
Каттамдардын саны |
1 |
Тармактын узундугу |
13,7 км |
Каттамдардын узундугу |
6,7 км |
Троллейбустардын курамы | |
Троллейбустардын саны |
5 |
Троллейбустардын негизги түрлөрү |
ЗиУ-682Г-018 |
Троллейбус парктарынын саны |
1 |
Нарын троллейбусу Викиказынада |
Тарых
түзөтүүСССР кулагандан кийин Нарын шаары Кыргызстандагы облустук борборлордун бири болуп калган. 1992-жылы Нарын шаары 40 миң калкы бар жана чоң унаалар жүрүүчү жалгыз көчөлүү борбордон алыс жайгашкан чакан шаар болгон. Шаардын калкынын аздыгына карабастан борбордук бийлик троллейбус системасын куруу чечимин кабыл алган. Жалгыз троллейбус линиясы Ленин көчөсү боюнча Мукаш Исаков көчөсүнөн автовокзалга чейин орнотулган. Линиянын аягында троллейбус паркы (троллейбустарды токтотуу үчүн ачык аянт) курулган. Нарындагы троллейбус линиясы 1994-жылдын 30-декабрында расмий түрдө ишке берилген[1].
2008-жылдын май айында троллейбус кыймылы убактылуу токтотулган жана троллейбус линиясы Мукаш Исаков көчөсүнөн жергиликтүү РИИБ чейин («Раймилиция» аялдамасы) узартылган. Бул узартылган линия аркылуу троллейбус кыймылы 2008-жылдын сентябрында башталган.
2013-жылы 17-сентябрда Бишкектен №1508 номериндеги ЗИУ-682Г-018 [Г0Р] троллейбусу алынып келинген[2].
2017-жылы 2-октябрда Бишкек шаарынан Нарын шаарына эки троллейбус берилген[3].
2023-жылы 11-январда Нарын шаарынын «Троллейбус» МИ Бишкек троллейбус башкармылыгы жарыялаган аукционго катышып, 500 000 сомго 4 троллейбусту сатып алган[4].
Троллейбус каттамы
түзөтүүЖалгыз троллейбус каттамы «Ленин көчөсү» аялдамасынан «Раймилиция» аялдамасына чейин Ленин көчөсү аркылуу өтөт.
Троллейбустардын курамы
түзөтүүМодели | Абалы | Троллейбустун № |
---|---|---|
ЗиУ-682В | Иштен чыгарылган | 001 |
Иштен чыгарылган | 002 | |
Иштен чыгарылган | 02 | |
Иштен чыгарылган | 003 | |
Иштен чыгарылган | 004 | |
Иштен чыгарылган | 005 | |
Иштен чыгарылган | 006 | |
ЗиУ-682В [В00] | Иштен чыгарылган | 007 |
Иштен чыгарылган | 008 | |
ЗиУ-682Г [Г00] | Иштен чыгарылган | 009 |
Иштен чыгарылган | 010 | |
Иштен чыгарылган | 011 | |
Иштен чыгарылган | 1116 | |
ЗиУ-682В | Номуру 008 деп өзгөртүлгөн | 1401 |
ЗиУ-682В10 | Номуру 009 деп өзгөртүлгөн | 1485 |
ЗиУ-682Г-018 [Г0Р] | Колдонууда | 1508 |
Колдонууда | 1517 | |
Колдонууда | 1524 | |
Колдонууда | 1527 | |
Колдонууда | 1531 | |
Колдонууда | 1532 | |
Колдонууда | 1533 | |
ЗиУ-662В-012 [В0А] | Иштен чыгарылган | 2062 |
ЗиУ-682В [В00] | Номуру 007 деп өзгөртүлгөн | 2464 |