Нарышкиндер - 16-кылымдын орто ченинен белгилүү орус ак сөөк тукуму.

Нарышкиндер падыша Алексей Михайлович экинчи аялы Наталья Кирилловна Нарышкинага (165194; Пётр 1нин энеси) үйлөнгөндөн кийин саясий аренага чыккан. Пётр I тактыга келгенде На­талья Кирилловна жанa Лев Кирилло­вич (Пётр 1нин таякеси) мамлекетти башкарууда маанилүү роль ойногон. 18-кылымдын башынан Нарышкиндерден оомат качкан, бирок Александр I сурагына чейин да, андан кийин да Нарышкиндердин өкүлдөрү падыша ордосунда саясий иштерге катышып турган. Декабрист М. М. Нарышкин да Нарышкиндер тукумунан.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.