Наталья Владимировна Никитенко (төр. 26-март, 1979, Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР[2]) — Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V жана VI чакырылыштарынын депутаты (2015-жылдан 2021-жылга чейин), Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы туруу комитетинин төрайымы.

Наталья Никитенко
Туулган датасы:

26 -март 1979(1979-03-26) (45 жаш)

Туулган жери:

Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Билими:

Бишкек Финансы-экономикалык академиясы

Партиясы:

Ата-Мекен (2010 — а. у)

Ишмердүүлүгү:

ЖК-тин депутаты (VI чак. 2015 — а.у)
ЖК-тин депутаты (V чак. 2010 — 2015)[1]

Өмүр баяны түзөтүү

Наталья Никитенко 1979-жылы 26-мартта Фрунзе шаарында туулган. Бала кезинде Наталья сүрөтчү болгусу келип, искусство мектебине барчу. Бирок сүрөт тартуу кесипке айланбаса да, ышкысы бойдон калды.

Наталья мугалимдердин үй-бүлөсүндө чоңойду – чоң атасы мектеп директору, ал эми чоң энеси мугалим болгон. Мындай жагдай Натальянын билимди көксөп өсүшүнө катуу таасирин тийгизген. Наталья башталгыч класста келгенден тарта мугалимдик кесипке кызыгып калган. Наталья Никитенко Лебединовкадагы №1 орто мектепте окуган, класстын старостасы болчу. Окуп жүргөн жылдар жакшы эскерүүлөргө бай болду. Ошентип, Никитенко Натальянын карьерасы да билим берүү системасы менен тыгыз байланышта болуп калды.

2001-жылы Никитенко Бишкек финансы-экономика академиясын “Менеджмент” адистиги боюнча бүтүрүп, ошол жакта калып, кафедрада окутуучу болуп иштеген. Кийинчерээк Жогорку окуу жайлардын ассоциациясын жетектеген. ЖОЖдордун окутуучуларына тренингдерди өткөрүп, алардын квалификациясын жогорулатууну уюштуруу менен алектенип жүрдү. [3]

2001-жылы Москва шаарында Эл аралык Бизнес жана башкаруу университетин “Банк менеджменти” адистиги боюнча сырттан бүтүргөн.

2004-жылы – Кыргыз-Орус Славян университетинин аспирантурасын “Экономика” адистиги боюнча бүтүргөн.

2008-жылы Бишкек финансы-экономика академиясынын менеджмент багыты боюнча магистратурасын артыкчылык диплому менен аяктаган. [4]

Эмгек Жолу түзөтүү

2000-2001-жылдардын ортосунда Никитенко Бишкек Финансы-Экономикалык Академиясында котормочу болуп иштеген.

2001-жылдан 2003-жылга чейин Академияда тышкы байланыштар бөлүмүнүн менеджери, ошондой эле Junior Achievement Kyrgyzstan фондунун менеджери болуп иштеген.

2003-жылдан 2006-жылга чейин – Бишкек Финансы-Экономикалык Академиясынын эл аралык бөлүмүн жана карьера борборун жетектеген.

2006-жылдан 2010-жылга чейин EdNet билим берүү мекемелер ассоциациясынын аткаруучу директору жана “TeachEx” жогорку билим берүү академиясы” коомдук фондунун директору болуп иштеген.

2010-жылдын октябрь айында “Ата Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2010-жылдын 23-декабрында Билим берүү, илим, маданият, маалымат жана дин саясаты боюнча комитеттин мүчөсү болгон.

2012-жылдын февраль айынан 2014-жылдын май айына чейин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин мүчөсү болуп шайланган.

2014-жылдын 29-майынан бери Наталья Никитенко Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрайымы болуп дайындалган.

2015-жылдын 28-октябрынан 2021-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон.[5]

 Сыйлыктары түзөтүү

Наталья Никитенко Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги төш белгиси менен сыйланган (2008-жыл).

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (2012-жыл), Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин (2012-жыл) жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын (2014-жыл) Ардак грамоталары менен сыйланган.[5]

Никитенко 2017-жылы “Улуттун жүзү” сыйлыгын алган. Бул сыйлык улуттук кызыкчылыкты коргоп, коомду алга түрткөн адамдарга ыйгарылат.[6]

Үй-бүлөсү түзөтүү

Наталья Никитенко үй-бүлөдө жалгыз бала. Ал чоң ата-чоң апасынын жана ата-энесинин мээримине бөлөнүп чоңойгон. Наталья бул адамдар ага бекем пайдубал тургузуп, ар бир ишине колдоо көрсөткөнү үчүн абдан ыраазы.[3]

Чоң атасы – Илья Миронович – кесипкөй мугалим, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Ар кандай ордендер жана медалдар менен сыйланган (Ленин ордени, “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалы, “Агартуунун отличниги” төш ​​белгиси ж.б. сыйлыктардын ээси). [7]

Натальянын апасы кесиби боюнча химик. Совет доорунда ал ири ишканада – “Илбирс” фабрикасында иштеп, технологиялык линияны жетектеп, квалификациялуу адис болгон, бирок Советтер Союзу тарагандан кийин ишин башка тармакта уланткан.

Наталья Никитенконун бир баласы бар.[3]

Шилтемелер түзөтүү

  1. Никитенко Super.kg жылнаама. Super.kg. Текшерилген күнү 8 -февраль (бирдин айы) 2018.
  2. Наталья Никитенко. StanRadar. Текшерилген күнү 8 -февраль (бирдин айы) 2018.
  3. 3.0 3.1 3.2 https://www.for.kg/news-636004-ru.html
  4. https://www.vb.kg/doc/212871_nikitenko_natalia_vladimirovna_.html
  5. 5.0 5.1 https://kundemi.kg/lica/2646-natalja-nikitenko.html Archived 2022-02-15 at the Wayback Machine
  6. https://24.kg/obschestvo/176949_deputat_natalya_nikitenko_udostoena_premii_tsvet_natsii/
  7. http://mnenie.akipress.org/unews/un_post:3833