Нжамена
Нжамена (арабча: نجامينا, 1973-жылычейин Форт-Лами)) — Чад Республикасынын борбору. Шари-Багирми префектурасынын административдикборбору. Өлкөнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө, Шари дарыясыныноң өйүзүндө (Логоне дарыясынынчатына жакын), саздуу жерде жайгашкан. Климаты муссондук экватордук. Эң суук айы январдын орточо температурасы 24˚С, июлдуку 24˚С. Жылдык жаан-чачыны 650 мм. Калкы 1,2 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш (эт, май), жеңил, бут кийим, курулуш материалдарын чыгаруучу өнөр жай ишканалары иштейт.
Нжамена | |
---|---|
шаар | |
Нжамена | |
Нжаменага жакындагы бир жердеги атка минген кишилер. | |
Өлкө | Чад |
Population (2005) | |
• Total | 721 000 |
Time zone | GMT+1 (UTC+1) |
Тарыкы
түзөтүү1900-жылыфранцуздар тарабынан ФортЛами деген ат менен негизделген. 1910-жылы Франция Экватордук Африкасына караган. 1958-жылдан 1960-жылга чейин Чад Автономия Республикасынын, андан соң көз каранды эмес Чад Республикасынын борбору. 1973-жылдан азыркыдай аталат. Университет, институттар (зоотехния жана тропика өлкөлөрүнүн ветернариясы, гуманитария жана башка), улуттук административдик мектеп, музей бар. Өлкөнүн ички саясий абалы туруктуу болбогондуктан, туризм өнүкпөй келүүдө.
Географиясы
түзөтүүЭкономиясы
түзөтүүДагы көрүү
түзөтүүКолдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7