НдолаЗамбиядагы шаар. Коппербелт провинциясынын административдик борбору. Калкы 495,0 миң (2008); чоңдугу боюнча өлкөдөгү 2-шаар. Темир жол түйүнү. Эл аралык аэропорту бар. Темир жол жана нефть куурлары аркылуу Инди океанындагы Дар-эс-Салам (Танзания) порту менен байланышат. Түстүү металлургия өнөр жайынын борбору. Нефть ажыратуу, химиялык, жеңил жана кант өнөр жай ишканалары иштейт. Шаар 1902-жылы негизделген.

Ндола (2013).

Колдонулган адабияттар түзөтүү