Замбия
Замбия, 3амбия Республикасы Африканын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү мамлекет. Түндүгүнөн Танзания жана Конго Демократиялык Республика, батышынан Ангола, түштүгүнөн Намибия, Ботсвана жана Зимбабве, чыгышынан Малави, түштүк чыгышынан Мозамбик менен чектешет. Аянты 752,6 миң км2. Калкы 11,49 млн (2007). Борбору Лусака шаары (калкы 2 млндой). Расмий тили англис тили. Акча бирдиги квача. Администрациялык-аймгы жактан 9 провинцияга бөлүнөт.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү:
Провинциялары |
Аянты, миң км2 |
Калкы, миң |
Адм. борборлору |
Батыш |
126,3 |
851,1 |
Монгу |
Борбордук |
94,3 |
1201,5 |
Кабве |
Коппербелт |
31,4 |
1 636,7 |
Ндола |
Луапула |
50,6 |
935,5 |
Манса |
21,9 |
1710,1 |
Лусака | |
Түндүк |
147,8 |
1513,4 |
Касама |
Түндүк-Батыш |
125,8 |
696,8 |
Солвези |
Түштүк |
85,3 |
1394,3 |
Ливингстон |
Чыгыш |
69,1 |
1544,4 |
Чипата |
БУУнун (1964), Ынтымакташтыктын (1964), Африка биримдиги союзунун (1964), Африка союзунун (2002), Бейтараптык кыймылынын (1964), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1965), ЭВФтин (1965), Түштүк Африка өнүгүү жамаатташтыгынын (САДК; 1980); Чыгыш жана Түштүк Африка жалпы рыногунун (КОМЕСА; 1994), Бүткүл дүйнөлүк соода (1995), Эл аралык олимпия, Эл аралык саламаттык сактоо жана башка уюмдардын мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү
түзөтүү3амбия унитардык мамлекет. Башкаруу формасы президенттик республика. Конституциясы 1996-ж. кабыл алынган. Президент (2001-жылдан Л. Мванаваса) өкмөттү (Министрлер кабинетин) башкарат жана өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы да болуп эсептелет. Президент 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлиги бир палаталуу парламент (Улуттук ассамблея) тарабынан ишке ашырылат. Улуттук ассамблеяга 150 депутат эл тарабынан шайланат, спикер жана 8 депутат президент тарабынан дайындалат. Конституцияга ылайык 27 мүчөсү бар Өкүлдөр палатасы да (провинция башчылары) президентке караштуу каада-салт жана маданий маселелер боюнча кеңеш берүүчү орган катары эсептелет. Негизги саясий партиялары: Көп партиялуу демократия үчүн кыймыл (1991-ж. негизделген, партиянын президенти Л. Мванаваса, Улуттук ассамблеяда 81 орунга ээ), Улуттук өнүгүү бириккен партиясы, Улуттук көз карандысыздыктын бириккен партиясы, Демократия жана өнүгүү форуму, Мурас партиясы, Патриоттук фронт.
Табияты
түзөтүү3амбиянын аймагын жылга-жыбыттуу бөксө тоолор, платолор ээлейт. Бөксө тоолору түштүктөн түндүктү карай бийиктеп, саванна менен капталган. Басымдуу бийиктиги 1000-1350 м. Кафуэ, Замбези дариясынын өрөөндөрүндө чуңкурчактар, оёңдор жана саздак жерлер бар. Платодон аралча тоолор (копьестер) жана токол тоолор (Мучинга тоосунун бийиктиги 1893 м ге чейин) көтөрүлөт. Өлкөнүн түндүк-чыгыш чет-жакасындагы Ньика платосунун тармактарында 3амбиянын эң бийик жери Мванда чокусу (2150 м) жайгашкан. 3. субэкватордук климаттык алкакта жайгашкан. Майдан августка чейин салыштырмалуу серүүн жана кургакчыл, августтан ноябрга чейин ысык жана кургак, ноябрдан майга чейин жылуу жана нымдуу климат өкүм сүрөт. Эң жылуу айынын (октябрь) орточо температурасы 27°С, эң салкын мезгилиники (июль) 15°С. Жылдык жаан-чачыны 600-1400 мм. Жаан-чачындын 80-90% январдан апрелге чейин жаайт. Дарыялары дээрлик 3амбезинин алабына кирет; ирилери: Кафуэ, Луангва. Түндүк чек арасында Танганьика жана Мверу көлдөрү, 3имбабве менен болгон чек арасында Виктория шаркыратмасы (120 м бийиктиктен агып түшөт; 3амбези дарыясында) жайгашкан. Кен байлыктарынан эң маанилүүсү жез жана кобальт, ошондой эле цинк, коргошун, ванадий, кадмий, марганец, таш көмүр казылып алынат. Нымдуу аймактары кызыл латерит, кургакчыл жерлери күрөң-кызгылт, кызгылт-боз топурактуу. 3амбиянын аймагынын У2 бөлүгүн кургакчыл тропик токою миомбо, кургакчыл аймактарын баобаб, акациялуу саванна, көл жээктерин папирус бадалдары ээлейт. Миомбо жана саванналарды чөп жечү ири айбанаттардан африка пили, африка жанышы, керик (2 түрү), антилопа, зебра, жырткычтардан арстан, кабылан, чөө, гиена мекендейт.
Калкы
түзөтүүКалкынын негизин банту тил тобундагы (бемба, тонга, лози, лунда, нгони, луба, нкойя, фипа жана башка) африкалыктар (98,7%) түзөт, ошондой эле европалыктар да жашайт. Христиан (негизинен англикандар), көбү салт болуп калган жергиликтүү динди тутат. Орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 15,3 киши. Калктын жашынын орточо узактыгы 40 жаш (эркектердики 39,8, аялдардыкы 40,3). Өспүрүмдөр (15 жашка чейинкилер) 46,3%ти, эмгек курагындагылар (1665 жаштагылар) 51,3%ти, 65тен ашкандар 2,4%ти түзөт (2006). Шаар калкы 50%. Ири шаарлары: Лусака (калкынын саны 1,4 млн), Китве (416 миң), Ндола (402 миң), Кабве (193 миң), Чингола (148 миң). Экономикалык активдүү калктын 85%и айыл чарбасында, 9%и тейлөө чөйрөсүндө, 6%и өнөр жайында эмгектенет. Тарыхы. Азыркы 3амбия аймагында эл байыртадан эле мекендешип, европалыктар келгенге чейин эле бир катар уруулук бирикмелер болгон. Калкынын этностук курамы Замбези дарыясынын (өлкөнүн азыркы аты ушундан чыккан) жогорку агымында жашап жана көчүп келишкен африкалыктардын таасири менен калыптанган. 13кылымдын аяк ченинде аймакты португалиялыктар ээлеп алган, 19-кылымдан англиялыктар аларды акырындык менен сүрүп чыгара баштаган.
Тарыхы
түзөтүү19-кылымдын аяк ченинен 1924-ж. чейин англис «Бритиш Саут Африка компани» монополиясынын бийлиги астында болгон. 1924-64-ж. Британиянын протектораты, 1953-63-ж. Родезия жана Ньясаленд колониялык федерациясынын курамына кирген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жергиликтүү калк колониялык башкарууга активдүү каршылык көрсөтө баштаган. Алгач боштондук кыймылды Африка улуттук конгресс партиясы, 50жылдардын аяк ченинен К. Куанда башында турган Улуттук көз каранды эместик үчүн бириккен партиясы жетектеген. 1964-ж. 24-октябрда өлкө боштондукка чыгып, 3. Республикасы жарыяланган. 1972-ж. башкаруунун бир партиялуу системасы киргизилген. 1973-ж. Конституциясы кабыл алынган. 1990-жылдан 3-да бир партиялуу системадан көп партиялуу системага өтүү процесси башталган. Ошол эле жылы 17-декабрдан конституцияга бир катар өзгөртүүлөр киргизилип, натыйжада оппозициялык маанайдагы бир нече партия пайда болгон. Алардын ичинен 1991-ж. Көп партиялуу демократия үчүн кыймыл партиясы шайлоодо жеңип чыгып, аны жетектеген Ф. Ж. Т. Чилуба 3амбия президенти болуп калат. 1996-ж. өлкөнүн жаңы конституциясы кабыл алынган. 1996-ж. президенттик шайлоодо Ф. Ж. Т. Чилуба кайрадан жеңишке жетишкен. 1997-ж. 28-октябрдагы төңкөрүш ийгиликсиз аяктары менен президент Чилуба өлкөдө өзгөчө абалды жарыялап, оппозиция лидери, экс-президент Каунда камакка алынат. Бирок, ал 1998-ж. дүйнөлүк коомчулуктун (негизинен африкалык мамлекеттердин) кийлигишүүсү менен бошотулуп, Жогорку сот тарабынан акталган. Ф. Ж. Т. Чилубанын мындай иш-аракеттери эл аралык коомчулук, ЭВФ жана Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан айыпталып, көптөгөн жардам көрсөтүү программаларын каржылоону токтотушкан. 2001-ж. өлкөнүн президенти болуп Л. П. Мванаваса (1948-ж. т.) шайланган. Ал өлкөдөгү татаал кырдаалды бир кыйла турукташтырып, өкмөттүн курамына оппозициядагы партиялардын мүчөлөрүн да киргизген. 2006-ж. өткөн шайлоодо кайрадан президент болгон.
Экономикасы
түзөтүүЭкономикасы начар өнүккөн өлкө. ИДПнин көлөмү 11,5 млрд долларды (АКШ, 2006) түзөт; аны киши башына бөлүштүргөндө 1000 доллардан туура келет. Андагы айыл чарбанын үлүшү 19,9% , өнөр жайыныкы 28,9%, тейлөө чөйрөсүнүкү 51,2%. Негизги экспорттук продукциясы жез; аны казып алуу боюнча дүйнөдө 4-орунда (2006-ж. 600 миң т). Жылына 450 миң тдан ашык жез экспорттолот. 3. кобальт казып алуу боюнча дүйнөдө 2-орунду ээлейт; ал жез-кобальт кенташынан ажыратып алынат (жылына 7,8 миң т). Ошондой эле пирит, никель, таш көмүр, аметист, турмалин, аквамарин, изумруд, алмаз жана башка казылып алынат. Электр энергиясына болгон муктаждыгын өз ресурстары менен толук камсыз кылат. 2004-ж. 9,96 млрд кВт.саат электр энергиясын (негизинен ГЭСтен) өндүргөн. Металлургия (жезди эритүү жана тазалоо), жеңил, тамак-аш, токой, нефть ажыратуу, химиялык өнөр жай ишканалары, цемент заводу иштейт. Автомобиль кураштыруу заводдору бар; трактор, велосипед чыгарат. Айыл чарба анча өнүккөн эмес, азык-түлүктү негизинен сырттан сатып алат. Аймагынын 7,1%и иштетилет. Жүгөрү, бал камыш, урук үчүн гозо, тамеки, жер жаңгак, буудай, шалы, буурчак, маниок, ак жүгөрү (сорго), күн карама өстүрүлөт. Бакчылык өнүккөн. Бодо мал асыралат. Темир жолунун жалпы узундугу 2173 км. Негизги темир жолдору: Ндола Кабве Лусака Ливингстон, андан ары Зимбабвеге; Ндола Капири Мпоши Мпика Наконде, андан ары Танзанияга.
Транспорт тармагы
түзөтүүАвтомобиль жолунуку 91,4 миң км, анын ичинде асфальтталганы 20,1 миң км. Лусака, Ливингстон, Ндола, Мориве шаарында эл аралык аэропорттор бар. Суу жолунун уз. 2250 км (Танганьика көлүн, Замбези, Луапулу дарыясын кошкондо); негизги порту: Мпулунгу (Танганьиканын түштүк жээгинде). Нефть куурунун узундугу 771 км (Дар-эс-Салам, Танзания Ндола, жалпы узундугу 1700 км; 2006). Сыртка жез, кобальт, электр энергия чыгарып, сырттан станок, машина жана анын тетиктерин, транспорт каражаттарын, жер семирткич, азыктүлүк, кийим, өнөр жай товарларын, химикат, азыктүлүк, мал (тирүүлөй) алат. Негизги соода шериктери: Кытай, ТАР, Япония, Улуу Британия, Германия, Түштүк-Чыгыш Азия жана Ортоңку Чыгыш өлкөлөрү, Швейцария, Конго Демократиялык Республикасы, Танзания, Зимбабве, Индия. Өсүмдүк, жаныбарлар дүйнөсү, Виктория шаркыратмасы, климатынын салыштырмалуу ыңгайлуулугу туристтерди кызыктырат, бирок финансынын тартыштыгынан бул тармак өнүккөн эмес.
Маданияты
түзөтүүЗамбияда калктын 70%и сабаттуу. 1990-жылдан акы төлөп билим алуу киргизилген (башталгыч билим берүүдөн тышкары). Мамлекеттик жана жеке мектептер, окуу жайлары абдан көп, бирок алар окуу куралдары жана каражаттары менен толук жабдылган эмес. Борбор калаа Лусакада Түштүк Африкадагы эң ири окуу жайларынын бири Замбия универститети (Китва-Нкан шаарындагы филиалы менен) жайгашкан. Лусакада, Ндолада китепканалар, Ливингстондо Улуттук музей бар. 1964-жылдан «Таймс оф Замбия», «Замбия мейл», «Пост» гезиттери англис тилинде, ошондой эле жергиликтүү бемба, тонга жана лози тилдеринде да бир нече гезиттер чыгат. Мамлекеттик телекөрсөтүү (1961жылдан) жана радиоуктуруу (1939-жылдан) иштейт. Өкмөттүк Замбия Кабар агенттиги (ЗАНА) иш жүргүзөт. Көркөм өнөрү б. з. ч. 4-миң жылдыкта аскага чегилген сүрөттөрдөн жана петроглифтерден башталат. Көбүнчө чөптөн эшилген шоңшогой чатырчалуу, камыш түркүктүү тегерек кепелерде турушкан. Жыгачты оюу-чийүү, карапа идиштерди кооздоо, пальма жалбырактарынан, тростниктерден буюм өрүү, токуу кеңири тараган. 20-кылымдын башынан Замбиянын шаарларында (Лусака, Ливингстон, Ндола жана башка) кабаттуу үйлөр курула баштаган. Замбиянын музыкасы байыртадан эле элдин турмуш-тиричилигинин ажырагыс бөлүгү. Уруу аксакалдарынын менчик музыканттары, оркестри, хору жана бийчилери болгон. Калимба (пианино), анын түрлөрү, кылдуу аспаптар жана башка таралган. 1939-ж. калале бийчилеринин 1-ансамбли уюшулган. 50-жылдары бул бий ансамбли бүткүл Африкага таанылган. Азаттыкка чыккандан кийин африка театр жамааты түзүлүп, Гидеон Лумпа, Кеннет Нкхата сыяктуу улуттук драматург-режиссёрлор өсүп чыккан. 1964-ж. көркөм өнөр трести түзүлгөн. Ар жылы борбор калаада драма өнөрүнүн фестивалы өткөрүлүп турат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5