Невакет, Навекат – орто кылымга таандык шаарлардын бири. Чүй өрөөнүнүн чыгыш тарабында жайгашып, Ал-Хорезми (9-кылым) боюнча 44˚кеңдик, 104˚узундуктан орун алган. Тарыхчылардын көпчүлүгү (А. Н. Бернштам, Ө. Караев, Т. Д. Жуманалиев, В. Д. Горячева жана башка) аны азыркы Орловка шаары, В. В. Бартольд жана башка ЖелАргы (Жел-Арык), айрымдары Кызыл-Суу кышнын аймагы (А. Камышев) деп эсептешет. Жазма маалыматтарда (Согду документтери) биринчи жолу 711-жылы эскерилет. 737-жылы Невакет түргөштөрдүн каганы Сулук Чабыш-чор (моюн сунбаганы үчүн арабдар аны «Абу Музахим» – «Сүзөөнөк» деп аташкан) турган ордо-шаар болгон. Улуу Жибек жолунун жээгинде жайгашкандыктан, Невакет стратегиялык жактан маанилүү шаарлардын бири болуп эсептелген. 748-жылы кытай кол башчысы Ван Чжен-сян Түргөш кагандыгынын борбору Суябды талкалагандан кийин, Н. Батыш түрк (карлук) каганынын ставкасына айланган. Археологиялык казуулардын негизинде Невакет шаарынын тургундары 8–10-кылымда будда дини менен катар несториан динин кабыл алышканы далилденген. Невакет шаар калдыгын 20-кылымдын 39– 40-жылы археологдор А. Н. Бернштам, 50–60-жылыП. Н. Кожемяко жанаЛ. Р. Кызласов, 80–90-жылыВ. Д. Горячева жана башка изилдеген. Археологиялык казуу учурунда түрдүү түстө боёлгон карапа жана айнек идиштин сыныктары, үй-тиричилигине керектүү шаймандар (бычак, кайчы жана башка), асыл буюм (күмүш билерик, акак таштан жасалган шуру жана башка), согуш буюмдары (жебе, окчонтой), түргөш жана Караханиддер дооруна таандык тыйындар табылган. Невакет шаары болжол менен 13-кылымда жашоосун токтоткон, бирок шаар калдыгы кийин дагы көрүстөн катары пайдаланылган.

Үйлөр төрт чарчы көлөмдө болуп, бир канча бөлмөдөн турган. Аларда кире бериш(коридор), тамак-аш бышыруучу, жашай турган жана чарбалык маанидеги бөлмөлөр болгондугун табылгалар ырастайт. Дубалдары пакса жана бышырыбаган кыштан тургузулган. Көп мезгилге чейин колдонгондуктан, айрымдары бир нече ирет оңдолуп, дубалы кайрат согулуп, алды экинчи ирет бышкан кирпич менен төшөлгөн. Тамак-аш бышыруучу бөлмөдөн нан жаба турган меш, күлдүн калдыгы, малдын сөөгү, чопо идиштин сыныктары табылган. Жашай турган бөлмөлөрүнөн карапа идиштин сыныктары, чырак, кооздук жана үй тиричиликтерине керектүү буюмдар табылган. Бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө которуп коюуга ыңгайлуу үй жылыта турган очоктор болгон. Алар диний ырым-жырымдарды аткарууга да пайдаланылган. Айрым бөлмөлөрдүн дубалдары алебастр менен шыбалып, геометриялык фигуралар , өсүмдүк жана жаныбарлардын сөлөкөттөрү сымал элементтерден турган оюулар менен кооздолгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү