Неврит (байыркы грек тилинен νεῦρον — «нерв») — четки нервдердин сезгенүү оорусу (Четки нерв системасы).

Неврит

Пайда болгон себептери түзөтүү

Ага ичкилик, сымап, коргошун, мышъяк менен уулануу, жугуштуу оорулар, авитаминоздор, кант диабети, травма себеп болот. Завод, фабрикаларда жана кен чыккан жерден сымап, коргошун, мышъяк менен иштегендер гигиена режимин туура колдонбогондуктан невритке учурайт.

Натыйжасы түзөтүү

Невритте нерв жайгашкан жер сыздап ооруп, булчуңдар атрофияга учурайт, нервдин сезгичтиги өзгөрүп, жабыркаган мүчө ийне менен сайгыласа да, жылуу же муздак нерсени сезбей калат. Ошондой эле кол, бут муздап, чымырап уктап калышы мүмкүн. Кээде оорулуунун буту-колу ооруп шалга айланат. Невриттин кээ бир түрүндө оорулуунун мүчөлөрү шишимик тартып, көгөргөнсүп, муздап, жараланып кетет.
Көбүнчө бет, чыканак, билек, угуу нервдеринин неврити кездешет. Бет нервинин неврити суукка учуроо, ортоңку кулактын сезгенүүсү (Отит) жана башкалар менен байланыштуу. Анда беттин бир жагы шал болуп, ал жактагы маңдай тери бырышпайт, көз жабылбай калат; оорулууга катуу тиштенүү, кабагын түйүү, ууртун чулчуйтуу кыйын. Жабыркаган жагындагы ооз кычыгынан суюк тамак куюлат; көп учурда кулактын айланасы ооруйт. Угуу нервинин неврити зат алмашуунун бузулушунда нервге кан жетишсиз келгенде, мисалы, атеросклероздо жана башкалар пайда болот. Анда кулактын ичи шуулдап, угуу начарлайт. Чыканак, билек жана билектин ортоңку нервинин невритинде манжалар, колдун кыймылдары бузулуп, сезгичтиги начарлайт, кол булчуңдары ичкерет.

Дарылоо түзөтүү

Дарылоону врач гана жүргүзүп, оорунун негизги себебине жараша, ооруну басаңдатуу жана жабыркаган нервдин функциясын калыбына келтирүү үчүн аракет жасалат. Дарыланууну эрте жүргүзүү керек. Айыктыруучу гимнастика, физиотерапиялык процедуралар кеңири колдонулат. Невритти алдын алуу үчүн эмгек гигиенасын сактоо, ошондой эле суукка учурабоо, травмага чалдыкпоо, ооруганда өз убагында врачка кайрылуу, ичкиликтен баш тартуу зарыл. Диабет менен жабыркагандар диспансерлик кароодон системалуу түрдө өтүп турушу керек.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8