Нейтрондордун басаңдашы
Нейтрондордун басаңдашы - заттын атом ядролору менен коп жолу кагылышуудан нейтрондун кинетикалык энергиясынын азайышы.
Ядролук реакция кезинде тез нейтрондор пайда болот. Алар атом ядролоруна урунганда энергиясы азаят. Бир же бир нече жолу кагылышканда нейтрондун энергиясы ядролорду дүүлүктүрүүгө же алардын ажырашына сарпталып, ядрону дүүлүктүрө турган минимум энергиядан да аз болуп калат.
Мындан кийин ядронун нейтронду чачыратуусу серпилгич болот, б. а. нейтрон өз энөргиясын ядронун пчки абалын өзгөртпөстөн ага ылдамдык берүүгө жумшайт. Бир жолку серпилгичтүү кагылышууда нейтрон 2А/(А+1)2 барабар болгон энер- гиянын орт. үлүшүн азайтат, мында А — бута ядросунун массалык саны. Бул үлүш оор ядролор үчүн аз, жеңил ядролор үчүн ото чоц. Ошондуктан оор ядролорго Караганда жеңил ядролордо нейтрондор тез басаңдайт.
Нейтрондордун басаңдашы акырында жылуулук нейтрондорду, б. а. ошол басаңдоо жүрүп жаткан чөйрө менен тең салмакта болгон «нейтрон газын» пайда кылат. Бөлмө темпрасында жылуулук нейтрондун орт. энергиясы 0,04 эвге барабар. Басаңдаш процессинде ядролор менен кагылышканда жутулуп же чөйрөдөн сыртка чыгуунун натыйжасында нейтрондордун саны азаят. Нейтронду басацдаткычтарда нейтрон эн, аз азаят да, булактан чыккан нейтрондун көпчүлүгү жылуулук нейтронго айланат. Жакшы басаңдаткыч катары суу, оор суу, бериллий, графит колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.