Неоклассицизм (франц. neo-classicisme) – антикалык мезгилдин, Кайра жаралуу доорунун жана классицизмдин классикалык традицияларынын негизинде 19-кылымдын 2-жарымында – 20-кылымдарда пайда болгон көркөм агымдардын жалпы аталышы.

1870–80-жылдары немецтик «неоидеалисттер» – сүрөтчүлөр Х. Маре, А. Фейербах, скульптор А. Хильдебранд турмуштун карама-каршылыктарына «түбөлүктүү» эстетикалык нормаларды каршы коюшкан. Классикалык салт индивидуалисттик өзүм билемдикке каршы коюлган (20-кылымда Франциядагы архитекторлор О. Перре, Германияда П. Беренс, Орусияда И. В. Жолтовский, И. А. Фомин; француз скульптору А. Майоль, Орусияда А. Т. Матвеев).

Неоклассицизм менен байланышкан Германиядагы «жаңы заттуулук» жана Италиядагы «метафизикалык живопись» деп аталган агымдар адамдын дүйнөдөн жатыркап, чочуркап калгандыгын чагылдырышкан. Чындыктын апологиясы ме-нен 1910–20-жылдардагы Улуу Британиянын (Э. Лаченс) жана 1950–60-жылдардагы АКШнын (Э. Стоун) архитектурасындагы, 1930-жылдардагы америкалык живопистеги (регионализм) неоклассицизм тыгыз байланышкан. Неоклассицизмди көп учурда 17-кылымдагы классицизмден айырмалан-ган 18-19-кылымдагы классицизм деп да аташат. Адабий неоклассицизм (20-кылымдагы француз акындарынын «роман мектеби») антикалык жана классицисттик трагедия менен лирикага багыт алгандыгы, стилдин өтө баса көрсөтүлгөн адептүүлүгү, тактыгы жана түшүнүктүүлүгү менен айырмаланат да, декаданска да, реализмге да каршы маанай күткөн.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Музыкадагы неоклассицизм бир бүтүн багытты түзбөсө да, 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башындагы музыкадагы тил менен формаларды бир кыйла татаалдаштырып жиберген айрым композиторлорго реакция катары пайда болгон. Мындай музыка Ф. Бузонинин, А. Казелланын, П. Хиндемиттин, И. Ф. Стравинскийдин чыгармаларында чагылдырылган. Эски, байыркы музыканын айрым формалары менен стилисттик белгилерин калыбына келтирүү неоклассицизмде музыкалык тилди жаңылоо менен айкалыштырылган.