Нервдин жогорку ишмердүүлүгү

Нервдин жогорку ишмердүүлүгү (орус.Высшая нервная деятельность) – мээнин чоң жарым шарларынын кабыгында жана ага эң жакын жаткан мээнин катмарында болуп туруучу жана психикалык функциялардын жүзөгө ашуусун шарттаган нейрофизиологиялык процесстер.

Нервдин жогорку ишмердүүлүгүн анализдөө үчүн негизги теоретикалык модель катары бизди курчаган дүйнөнүн таасирине организмдин жооп кайтаруусун мүмкүн кылган рефлекс эсептелет. Анын негизги иштөө механизми катары козгоочу нервдик процесстер саналат. Козгоочу процесстердин эсебинен жаңы убакыттык байланыштар пайда болот жана иштейт. Эгерде шарттуу дүүлүктү-ргүч шартсыз дүүлүктүргүч аркылуу бекитилбесе, ал шарттуу рефлекстин өчүшүнө же токтоосуна өбөлгө түзөт. Убакыттын байланыштардын жаралуусу жана жоголуусу мээнин чоң жарым шарынын кабынын нервдик клеткаларынын активдүүлүгүнүн жогорку деңгээли мээнин кийинки катмарында жайгашкан тубаса рефлекстердин эң маанилүү нервдик борборлорунун эсебинен жетишилет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8