Шарттуу рефлекс - киши менен айбанат организминде белгилүү шартта пайда болуучу татаал жеке ыңгайлануу реакциясы (к. Рефлекстер).

Ал чөйрөнүн өзгөрүүлөрүнө организмдин ыңгайлануусун камсыз кылат. Шарттуу рефлекс мээнин жогорку бөлүктөрү (мээ кыртышы жана анын астындагы түзүлүштөр) аркылуу ишке ашырылып, шартсыз рефлекстин негизинде онтогенезде калыптанат.

«Шарттуу рефлекс» терминин И. П. Павлов 1903-ж. сунуш кылган. Шарттуу рефлекс боюнча изилдөөлөр - Павловдун физиологиялык окуусунун бир бөлүгү. Жөнөкөй жана татаал Шарттуу рефлекстердин калыптанышынын негизги мыйзам ченеми жана принциптери киши менен айбанат үчүн бирдей. Киши мээсинин ишмерлиги биол. закондорго көз каранды жана аны объективдүү изилдөөгө болот. Аны менен бирге киши мээсинин ишмердиги айбанаттыкынан айырмаланып, сапаттуу өзгөчөлүккө .

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.