Нернст Вальтер Фридрих Герман

Нернст, Вальтер Фридрих Герман (25. 6. 1864, Бризен, азыркы Вомбжезьно, Польша — 18. 11. 1941, ОберЦибелл, азыркы Германия) — немец физиги жанa физ.-химиги; азыркы физ. химияны негиздөөчүлөрдүн бири.

  • 1891- жылдан Гёттинген, 190239-ж. Бер­лин ун-ттеринин проф. 188889-ж. электролиттердин иондорунун кыймылдуулугу менен диффузия коэффициентинин ортосундагы байланышты аныктаган жанa гальваникалык элементтердин электр кыймылдаткыч күчү жөнүндөгү теорияны, 1890-ж. аралашпоочу эки эриткичте эрүүчү затты бөлүштүрүү законун ачкан.
  • 1894-ж. эриткичтин диэлектрлик туруктуулугу өсүү менен анын диссоциациялануу жөндөмдүүлүгү кебөйгөндүгүн байкаган. Нернст 1906-ж. төмөнкү температурадагы жылуулук процессия изилдеп, термодинамиканын үчүнчү башталыш законун негиздеген.
  • Төмөнкү тең салмактуулукту N2 4- Огч*2АтО изилдеп, ал атмосферадагы азоттон азот кислотасын өнөр жайда алуунун физ.-хим. негизин көрсөткөн.
  • Ал эми 190507-ж. азот мене суутектин аммиакты синтездеп алган.
  • Нернст көптөгөн ИАнын мүчөсү, о. эле СССР ИАнын ардактуу мүчөсү (1927) болгон. Нобель сыйл. лауреаты (1920).


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.