Нибелунг жөнүндөгү ыр
Нибелунг жөнүндөгү ыр — немец элинин байыркы герман мифтеринин жана жомокторунун негизинде түзүлгөн баатырдык эпосу.
Эпостун жаралышына гунндардын Бургунд падышалыгын талкалашы (437-ж.) жөнүндөгү окуя негиз болгон. Эпос 1200-жылдар чамасында жазылып, 1757-ж. И. Я. Бодлер тарабынан жарыяланган. Эпосто 12—15-кылымдагы феодализм доорунун мамилелери, феод, коом түзүлүшүнөн жаралган катаал үрп-адат, кайгы-муңдуу турмуш, рыцардык падыша сарайындагы тпричилик чагылган. Эпос курч мүнөздүү драматизми менен өзгөчөлөнөт . Анын сюжетии Ф. Фуке, Ф. Хеббель, Р. Вагнер, Г. Ибсен өңдүү авторлор пайдаланып, түрдүү жанрдагы чыгармалар жаратышкан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.