Низамиев Абдурашид Гумарович

Низамиев Абдурашит Гумарович - география илимдеринин доктору (2005), 1967-жылдын 16-январында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сумбула айылында туулган. Орто билимге 1974-1984-жылдары Ноокат районундагы Ломоносов атындагы орто мектепте ээ болгон. 1985-1987-жылдары Владивосток шаарында аскердик кызматын өтөгөн.

Низамиев Абдурашит Гумарович
Жалпы маалымат
Аты-жөнү: Низамиев Абдурашит Гумарович
Туулган жылы: 1967-жылы 1-январь
Туулган жери: Ош облусу
Жарандыгы: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Илимий чөйрөсү: География, география жана туризм
Иштеген жери: Ош мамлекеттик университети, Эл аралык мамилелер факультети
Илимий даражасы  : география илимдеринин доктору
Илимий наамы: профессор

1993-жылы Ош мамлекеттик университетин «география» жана «биология» адистиктери боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган. 1994-1997-жылдары Ош технологиялык университетинде «экономика жана эл чарбасын башкаруу» адистиги боюнча аспирантурада билим алган.

Эмгек жолун 1984-жылы Ноокат районундагы № 44 жылкы заводунда жумушчу болуп баштаган. Ош мамлекеттик университетинде экологиялык борбордун ага лаборанты (1993-1994), экономикалык география жана Кыргызстандын географиясы кафедрасынын башчысы (2001-2002), география жана жаратылышты пайдалануу факультетинин деканы (2002-2009) жана эл аралык мамилелер факультетинин деканы (2011-2016), Ош технологиялык университетинде экономикалык теория жана маркетингдин негиздери кафедрасынын окутуучусу (1997-1998), экономика кафедрасынын башчысы (1998-2000) жана башкаруу кафедрасынын башчысы (2000-2001) болуп иштеген. 2009-2011-жылдары Ош шаарынын мэриясынын эл аралык байланыштарды өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча комитетин жетектеген. Азыркы мезгилде Ош мамлекеттик университетинин экономикалык, социалдык жана саясий география кафедрасынын профессору.

Кыргызстанда туризмдин экономикасы боюнча кандидаттык диссертацияны, туризмдин географиясы боюнча докторлук диссертацияны биринчи болуп коргогон. 1999-жылы Тажикстан Республикасынын Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунда (Дүйшөмбү ш.) «Рынок шартында Кыргызстандын рекреациялык комплексинин калыптанышы жана өнүгүшү» деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон. 2005-жылы Кыргыз мамлекеттик тоо-кен университетинде (Бишкек ш.) «Кыргызстанда туризмдин өнүгүшү-нүн экономикалык-географиялык маселелери» деген темадагы докторлук диссертациясын жактаган.

Туризмдин экономикасы жана географиясы, аймактык экономика, экономикалык, социалдык жана саясий география, экология жана маркетинг боюнча адис. 171 илимий, окуу жана публицистикалык эмгектердин автору, алардын ичинен 3 монография жана 5 окуу куралы бар. 3 окуу эмгеги КР Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан сунушталган. Илимий эмгектери Кыргызстандан тышкары Болгария, Германия, Казакстан, Корея, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Францияда орус, англис, француз жана түрк тилдеринде жарык көргөн.

Брюссель эркин университетинде (Бельгия, 2007), Анадолу университетинде (Түркия, 2008) жана Шинжаң педагогикалык университетинде (Кытай, 2012) иш тажрыйбасын өркүндөткөн. Эл аралык долбоорлорду аткаруунун активдүү катышуучусу: Европалык комиссиянын Темпус TTER «Tourism Training and Education reform» программасы (2007-2008), Эрасмус Мундус «gSmart – Spatial ICT infrastructures for Smart Places» программасы (2013-2017) ж.б. Д.25.15.515 география илимдеринин доктору окумуштуулук наамын ыйгаруу боюнча диссертациялык кеңештин төрагасынын орун басары.

Жетекчилиги астында 4 илимдин кандидаттарынын жана 1 PhD докторунун диссертациялары корголгон. Россия Табият таануу академиясынын корреспондент-мүчөсү (Россия, 2016), Синин шаарынын Шаардык дипломатия академиясынын ардактуу изилдөөчүсү (Кытай, 2015).

Сыйлыктары түзөтүү

  • Россия Табият таануу академиясынын корреспондент-мучосу (Россия,2016);
  • Синин шаарынын дипломатия академиясынын ардактуу изилдоочусу(Кытай, 2015);
  • КР билим берүүсүнүн (2005), билим берүү жана илимдин профсоюз кыймылынын отличниги (2013).
  • КР Билим беруу жана илим министирлигинин Ардак грамотасы (2012);
  • КР Окмотунун алдындагы Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин Ардак грамотасы (2007);
  • Ош областынын мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы (2002);
  • Ош мамлекеттик университетинин (2005), Ош шаарынын мэриясынын (2004), Ош областынын мамлекеттик администрациясынын (2002), КР Өкмөтүнүн алдындагы Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин (2007), КР Билим берүү жана илим министрлигинин (2012) Ардак грамоталары менен сыйланган.
  • «Кыргыз туусу» газетасынын тандоосу менен 2007-жылы «Жылдын мыктысы» наамына татыктуу болгон.
  • Спорттук туризм боюнча КР спортунун мастерлигине кандидат (2009).
  • Гүлчө-Талас маршруту боюнча «Манас» эпосунун 1000 жылдык маарекесине карата «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына – 1000 чакырым жөө жүрүш» аттуу илимий-туристтик экспедициянын уюштуруучусу жана катышуучусу (1995).
  • Учур талабы боюнча ой-пикирлери «Кыргыз туусу», «Эркин тоо», «Кут билим», «Ош жаңырыгы», «Эхо Оша» жана «Ош шамы» газеталарында чыгып келет.
  • Ош шаарынын мэриясынын «Алтын калем - 2007» сыйлыгынын лауреаты.

Негизги эмгектери: түзөтүү

  1. Низамиев А.Г. Туризм как отрасль в условиях рыночных преобразований. -Ош, 1996. -60 с.
  2. Низамиев А.Г. Рекреационный комплекс Кыргызстана: реалии и пер-спективы. -Бишкек: Илим, 1998. -136 с.
  3. Низамиев А.Г. Современный Ош: возрождение как центра путешест-вий. -Бишкек: Илим, 2001. -48 с.
  4. Осипов М.С., Ташбаев А.М., Низамиев А.Г. Менеджмент: Учебное пособие. -Ош, 2002. -136 с.
  5. Осипов М.С., Тургунбаев Ж.Т., Низамиев А.Г. Маркетинг: основы теории и практики: Учебное пособие. -Ош, 2003. -168 с.
  6. Низамиев А.Г. Туризм Кыргызстана: социально-экономические аспекты. -Ош, 2005. -208 с.
  7. Осипов М.С., Низамиев А.Г. Алайчиев Э.К. Маркетинг туризма: основы теории и практики: Учебное пособие. -Ош, 2006. -168 с.
  8. Низамиев А.Г. Туризмдин негиздери: Окуу куралы. -Ош, 2010. -128 б.
  9. Низамиев А.Г., Усанова Ж.У. Трудовая миграция в Кыргызстане: предпосылки, тенденции, последствия и пути регулирования. -Саарбрюккен: LAP, 2015. -48 c.
  10. Низамиев А.Г. Кызыктуу жаныбарлар: Окуу колдонмосу. -Бишкек, 2015. -148 б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү