Никколо Макиавелли (1469—1527) — коомдун жана мамлекеттин өнүгүшүнө карата жаңы көз караштарды баяндашкан Ренессанс доорунун идеологдорунун биринчилеринен. Өзүнүн «Тит Ливийдин декадасына ой жүгүртүү» жана «Падыша» деген чыгармаларында Макиавелли мамлекетти жана мамлекеттик ишмердикти түшүнүүгө жаңыча мамиле жасоону адамдын этикалык жаратылыш позициясынан негиздөөгө умтулган. Ал Флоренцияда бир катар мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган. Чыгармаларынын көпчүлүгүн 1512-жылы өзүнүн душманы болгон Медичилер кайра бийликке келгенде камалып, андан соң өз чарбагына айдалып жиберилгенден кийин жазган. Макиавелли иш-аракеттин адамы болгон, ал: «Адегенде жашоо керек, андан кийин гана философиялык ой жүгүртүү керек» деген.

Никколо Макиавелли
Макиавелли, Никколо

Адам жөнүндө концепциялары түзөтүү

Өзүнүн чыгармаларында Макиавелли адам жөнүндөгү кеңири концепциясын иштеп чыгат. Барынан мурда, ал, адам жеке кызыкчылыкты көздөйт, мунун көрүнүшү өтө эле көп түрдүү болот, алардын ичинде өзүнүн мүлкүн, менчигин сактоого умтулуу да бар деп эсептейт. Ал «Падыша» деген чыгармасында «Адамдар мүлкүнөн ажырап калганга караганда атасынын өлгөнүн оңой кечирет» деп жазган экен.
Макиавелли маңызы негизинен эгоизмде болгон адам жаратылышын аныктай турган принциптерди ушундайча сүрөттөйт. Өзүнүн концепциясы үчүн далилдерди аны курчап турган италиялык шаарлардын турмушунан алган.

Мамлекеттик уюм жөнүндө концепция түзөтүү

Мына ушул этикалык доктринага таянып, Макиавелли өзүнүн мамлекеттик уюм жөнүндөгү концепциясын түзөт, анын пикири боюнча, мамлекеттик уюм күч колдонуу аркылуу адамзаттын эгоизмине карама-каршы турууга тийиш. Макиавелли Орто кылым үчүн мүнөздүү болгон абстрактуулуктун активдүү каршысы болгон, мунусу менен ал Ренессанстын гуманисттик активдүүлүгүнүн дагы бир тарапкери катарында чыккан. Мамлекет теориясында Макиавелли чиркөө менен динге орун берген эмес. Ал карапайым калк үчүн дин- дин зарылдыгын тааныса да, анын пикири боюнча, керексиз болуп калган католик динине каршы чыккан.

Фортуна концепциясы түзөтүү

Бардык мына ушул жоболор анын фортуна концепциясында өз чагылышын тапкан, фортуна деп ал коомдук өнүгүүнүн обьективдүү мыйзамченемдүүлүгүн түшүнгөн. Макиавелли бул проблеманын ар түрдүү жактарын бөлүп карайт да, зарылдык менен адам эркинин эркиндигинин ортосунда белгилүү бир ара катышты ишке ашырууга аракет жасайт. Ал мындай деп жазат: «биздин кылык-жоруктарыбыздын жарымын фортуна тескейт, ал эми экинчи жарымын же ошого жакынын башкарууну биздин өзүбүзгө берет» [Танд. чыгарм. 111—112-6.]. Ошондуктан фортуна жөнүндө айтуу менен бирге Макиавелли адамдын активдүү иш-аракетинин зарылдыгын да баса белгилейт: сак болгондон көрө тайманбас болгон жакшы, бирок мында адамдын иш-аракети белгилүү бир максатка, албетте бийик жана асыл максатка умтулган тунук акыл жана эрк аркылуу багытталууга тийиш. Мына ушунун баарын Макиавелли вирту — эрдик деп атайт. Виртуну толук ишке ашыруу дегеле дээрлик мүмкүн эмес нерсе, ага бир аз гана эң көрүнүктүү адамдар жетише алышкан. Адамдардын көпчүлүгү болсо көпчүлүк учурда бүлгүнгө алып бара турган орто жолду тандап алышат. Муну менен бирге адам өзү жашап турган мезгилдин өзгөчөлүгүн да эске алуу зарыл, эгерде инсан мезгилдин өзгөчөлүгүң эсепке ала турган болсо анда ал көп нерсеге жетишет. «Вирту» түшүнүгүндө адам өтө жогору бааланган гуманизм доорунда пайда болгон инсандык жүрүм-турумга карата коюлган моралдык талаптар чагылган.

"Падыша" чыгармасы түзөтүү

«Падыша» деген чыгарманын жаралышы өзүн курчап турган кошуналарына караганда бытыранды жана начар болгон Италия менен Флоренциянын конкреттүү саясый тарыхы менен байланыштуу. Ошондуктан Макиавелли Италияны бириктирип жана республиканы орното турган падыша талап кылынат деп эсептеген. Мына ушундай мамлекеттик ишмердин үлгүсү катарында Макиавелли өзүнүн аморализми жана чыккынчылыгы менен белгилүү болгон Чезаре Боржианы алган.
«Падышада» Макиавелли акылман падышанын бейнесин сүрөттөп жазат, ал падыша өзүнүн бардык душмандарын жеңүүгө жөндөмдүү болгон арстанча айбаттуу, эң эле митайымга алдатпай турган түлкүчө куу болууга тийиш. Ал мүмкүн болушунча жакшылыктан алыстабоого тийиш, бирок зарыл болгон учурда жамандыкты колдонуудан да качпоого тийиш. Иш-аракеттин ушундай образы Макиавеллиден бери тарта Макиавеллизм деп аталып калат. Макиавеллинин ою боюнча, мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн ар кандай зордукту актоого болот.
Бирок да Макиавеллини эки жүздүүлүктүн жана зордукчулдуктун үгүттөөчүсү катарында элестетүү туура эмес болор эле. Ал баарынан мурда өз заманынын уулу, гуманист болгон. Анын теориялары, концепциялары, көз караштары — ошол доордогу саясый кырдаалдын чагылышы. Макиавеллинин өзү саясаттагы зордоону да, аморализмди да эч кандай актаган эмес. Тескерисинче, ал, падыша, саясатчы элдин пикири менен эсептешүүгө тийиш, элдин үнү — Кудайдын үнү, падыша ийкемдүү болууга тийиш деп эсептеген. Эгерде падыша күч колдонууга барса, анда ал тар мүдөөлүү максат болбоо керек. Күч колдонуу саясатты бузбай, кайра түзөтүшү керек. Макиавеллинин саясый идеалы Рим республикасы болгон. Ошондуктан ал башкаруунун эң мыкты формасы республика болуп саналат, бирок эл арасында граждандык такыбаачылык өнүкпөгөн болсо анда башкаруунун республикалык формасы дайыма эле мүмкүн боло бербейт деп эсептейт. Саясый максатка жетишүү үчүн, Макиавеллинин пикири боюнча, бардык каражаттар актала турган кырдаал түзүлүшү да мүмкүн. Падыша жалпы кабыл алынган мораль нормаларын жетекчиликке алууга тийиш, бирок, эгерде мамлекеттин кызыкчылыгы адеп-актык талаптарын этибарга албай турган иш-аракеттерди талап кыла турган болсо, анда ага да баруу керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү