Николаева Елена Сергеевна
Елена Сергеевна Николаева (25.12.1985 ж. т.) — орустун журналисти жана актрисасы.
Елена Сергеевна Николаева | |
Туулган жылы: |
25 -декабрь 1985 (39 жаш) |
---|---|
Туулган жери: | |
Ишмердүүлүгү: | |
Жарандыгы: | |
IMDb: |
Кыскача өмүр таржымакалы
түзөтүү1985-жылы 25 декабрда Ташкенде төрөлгөн. А дегенде Ташкен орто мектебинде окуган, анан Москвага кеткен жана ошол эле шаарда орто мектепти аяктаган. 2009-жылы И. М. Губкин атындагы Мамлекеттик мунай жана газ университетин бакалавр даражасы менен бүтүргөн. 2011–2012 жылдары Патрис Лумумба атындагы Элдердин достугу университетинде таалим алган. 2010-жылдын август айынан 2010-жылдын декабрь айына чейин «РБК дейли» газетасынын өз баяндамачысы. 2011-жылдан 2013-жылга чейин «Эксперт ТВ» каналында кабарчы болуп иштеген. Учурда «РБК ТВ» каналынын алып баруучусу болуп иштейт. 2004-жылдан кийин Елена Николаева бир нече киноролго тартылды.
Сыйлыктары
түзөтүү2011-жылы «Леди Журналист» сынагынын жеңүүчүсү болгон[1].
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- РБК-ТВ: Елена Николаева Archived 2014-03-23 at the Wayback Machine (өмүр баяны) (орусча)
Шилтемелер
түзөтүү- ↑ LinkedIn: Elena Nikolaeva Archived 2014-06-28 at archive.today (орусча) (англ.)
Интернеттеги шилтемелер
түзөтүү- «Эксперт» журналында Елена Николаеванын макалалары Archived 2014-04-08 at the Wayback Machine
- Елена Николаева — Одноклассники.ру социалдык тармагында Елена Николаеванын профили (орусча)
Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |