IMDb (Internet Movie Database деп чечмеленет) — тасмаларга, телеберүүлөргө жана видео оюндарга, анын ичинде актердук жана тасма тарткан топко, ойдон чыгарылган каармандарга, өмүр баяндарга, кыскача мазмундарга, майда-чүйдө маалыматтарга жана ой-пикирлерге байланышкан маалыматтардын онлайн базасы. Ал Amazonдун туунду компаниясы IMDb.com, Inc. тарабынан иштейт. 2017-жылдын июнуна карата IMDbнин базасында болжол менен 4.4 млн аталыш (анын ичинде эпизоддор да бар), 8 миллион киши тууралуу маалымат, ошондой эле 75 млн катталган колдонуучусу бар.

IMDb логотиби

Сайт катталган колдонуучуларга жаңы материалдарды киргизүүгө жана мурда болгон маалыматтарга өзгөртүүлөрдү кошууга мүмкүнчүлүк берет. Бардык маалыматтар жарыкка чыкканга чейин текшерилсе да система кыянат пайдаланууларга ачык болуп, маал-маалы менен каталардын катталганы белгиленген. Колдонуучулар 1ден 10го чейинки шкала боюнча ар бир тасмага баа бере алышат. Топтолгон баалардын орточо саны ар аталыштын жанында көрсөтүлүп турат. Ал үчүн добуш берүүнүн бурмаланып кетпешин алдын алып турган онлайн чыпкалар пайдаланылат. Ошондой эле, бул сайт ырасталган колдонуучулар үчүн баарлашуу түрмөктөрүн ишке берген, бирок IMDb 2017-жылдын 20-февралында биротоло жаап салган.

Интернет байланышы бар кайсы гана адам болбосун IMDb порталындагы тасмалардын жана өнөрпоздордун барактарын көрө алышат. Ал эми сайттагы маалыматтарга салым кошуу үчүн катталуу жараяны милдеттендирилген. Катталган колдонуучу өзүнө сайттын атын тандап, профилдик баракка ээ болот. Бул профилдик барак катталган колдонуучу качантан бери мүчө болуп келатканы, колдонуучунун жеке тасма рейтиңдери (эгерде колдонуучу алар көрсөтүлсүн деп тандаган болсо), ошондой эле кошкон салымына жараша ыйгарылган төш белгилер тууралуу маалыматтарды көрсөтөт. Бул төш белгилер жалпы кошкон салымдан тарта, сүрөт, майда-чүйдө, өмүр баян жана башка сыяктуу эркин категорияларга чейинки маалыматтарды камтыйт. Эгерде катталган колдонуучу же кирген окурман көңүл ачуу өнөр-жайында болгусу келсе жана жана IMDb барагына ээ болсо, ал колдонуучу/окурман IMDbPROго жазылып, ошол барагына сүрөттөрдү кошо алат.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү