Нитраттар азот кислотасынын туздары, түссүз кристалл заттар. Кадимки температурада туруктуу. Сууда жакшы эришет. Ысытканда щелочтуу металлдар жана щелочтуу жер металлдары Н., Ag жана Ni Н. алардын балкып эрүү температурасынан жогорку температурада ажырайт. Көпчүлүк суусуз Н. балкып эрүү температурасынан төмөнкү температурада ажырайт. Активдүү металлдар Н. ысытканда нитриттерге өтөт. 2КNО 3 ® 2КNO2 + О2 – Калган металлдар Н. көпчүлүгү ысытканда металл оксидине, кычкылтекке жана азот (IV) оксидине ажырайт:

2Сu(NO3)2 = 2СuO + 4NO2­ + О2

Активдүүлүгү начар металлдар Н. (мисалы, күмүш, алтын) ысытканда, эркин металлдарга чейин ажырашат: 

2AgNO3 = 2Ag + 2NO2­ + O2

Н. жогорку температурада кычкылтекти бөлүп чыгарат да, күчтүү окистендиргичтер болушат. Ал эми алардын суудагы эритмелери окистендиргич касиетке ээ эмес. Практикада натрий, калий, аммоний жана кальций Н. мааниси өтө чоң. Натрий нитраты NaNO3 (натрий селитрасы) жаратылышта көп кезигет (Чилиде). Калий нитраты КNO3 (калий селитрасы) жаратылышта аз санда кездешип, негизинен натрий нитратын калий хлориди менен өз ара аракеттендирүүдөн алынат. Бул туздар экөө тең жер семирткич катары колдонулат. Калий нитратынын курамында өсүмдүк үчүн зарыл болгон азот жана калий элементтери бар. Натрий жана калий селитралары айнек алууда, жарылгыч заттар (аммо-ниттер) даярдоодо, тамак-аш өнөр жайында продуктулар консервациялоодо колдонулат. Кальций нитраты Са(NO3)2 (кальций селитрасы) негизинен азот кислотасын акиташ менен нейтралдаштыруудан алынат, жер семирткич катарында колдонулат. Аммоний нитратында NH4NO3 өсүмдүктөр жеңил өздөштүрө турган азот саны башка нитраттарга же аммоний туздарына салыштырганда өтө жогору, жер семирткич катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү