Ниязбеков Улан Омоканович
Ниязбеков Улан Омоканович (28 август 1975-жыл; Аманбаев, Кара-Буура району, Кыргыз ССР, СССР) — кыргызстандык мамлекеттик жана аскердик ишмер. 2020-жылдын 14-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри[1].
Ниязбеков Улан | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
14-октябрь 2020-жыл | ||||
Президент: | Садыр Жапаров | |||
Андан мурунку: | Асанов Курсан | |||
Жарандыгы: | Кыргызстан | |||
Дини: | ислам | |||
Билими: | КУУ | |||
Кесиби: | юрист |
Өмүр баяны
түзөтүү1975-жылы 28-августта Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айылында төрөлгөн.
2003-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.
1993—1994 жылдары — Кыргыз Републикасынын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн.
1998—2003 жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу финансы полициясынын башкармалыгынын Чүй облусу боюнча финансы полиция бөлүмүнүн Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча район аралык финансы полиция бөлүмчөсүнүн ыйгарым укуктуу оперкызматкери.
2003 жылы — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу финансы полициясынын башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгынын Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча район аралык финансы полиция бөлүмчөсүнүн начальниги.
2005—2007 жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы полициясынын башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгынын бажы органдарындагы коррупция жана кыянаттык иштерди колдонуу, бажылык укук бузуулар менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн начальниги.
2008-жылы — Баткен ОИИБнын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн уруксат берүү системасы боюнча улук инспектору.
2008—2010 жылы — Бишкек ШИИББнын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн лицензиялык-уруксат берүү тобунун инспектору.
2010—2011 жылдары — Кыргыз Республикасынын ИИМдин Катчылыгынын министрдин жардамчысы.
2011—2014 жылдары — Кыргыз Республикасынын ИИМдин финансы-чарбалык башкармалыгынын начальниги.
2018 жылы — Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жетинчи башкы башкармалыгынын ыкчам-техникалык иш чаралары башкармалыгынын начальнигинин орун басары.
2018—2020 жылдары — Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жетинчи башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары, ал эле ыкчам-техникалык иш чаралары башкармалыгынын начальниги.
2020-жылдын 14-октябрынан тартып — Кыргыз Республикасынын ички иштер министри[2].
Булактар
түзөтүү- ↑ Ниязбеков Улан Омоканович КРИИМ милиция полковники Ниязбеков Улан Омоканович. Текшерилген күнү 25 -февраль (бирдин айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 25 -февраль (бирдин айы) 2021.
- ↑ Ниязбеков Улан Омоканович